Кутуева Б. К.
САНАРИПТИК ЧӨЙРӨДӨ И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУнун ИННОВАЦИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН УЮШТУРУУДА ИЛИМИЙ КИТЕПКАНАНЫН РОЛУ
Бул макалада билим илим чөйрөсүн санариптештирүү жана жогорку окуу жайлардын окуу процессин инновациялык методдорду колдонуу менен болочок кадрларды даярдоодо китепканалардын орду жана ролу жөнүндө маалымат берилген. Макалада негизинен И. Арабаев атындагы Илимий китепкананын ишмердуулугу жөнүндө маалымат берилип, китепканалык процесстерди автоматташтырып уюштуруу маселеси каралган. Өзгөчө электрондук китепкананы түзүү жана дүйнөлүк маалымат ресурстарына эркин кирип колдонуу жолу менен китепканалык ишти трасформациялап, билим берүу системасын жакшыртууга багытталган.