Өмүрканова Ч. Т.
ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ БИЛИМ БЕРҮҮДӨ АРАЛЫКТАН ОКУТУУНУН ОРДУ ЖАНА ШАРТТАРЫ
![lorem](admin-admin/yk/13.png)
Кыргызстандагы азыркы тарыхый кырдаалдын өзгөчөлүктөрү билим берүүнүн мазмунун жана багыттуулугун түпкүрүн өзгөрткөн жаңы цивилизациялык мамилелерге өтүү менен мүнөздөлөт. Бул шарттарда бүгүнкү күндүн керектөөлөрүнө ылайык билим берүү системасын модернизациялоо проблемасын чечүү өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда. Мында өлкөнүн масштабында глобалдуу мүнөзгө ээ болгон билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн чечүү стратегиялык милдет болуп саналат.Аралыктан үзгүлтүксүз окутууну формасынын уюштуруунун педагогикалык жактан билим берүү заманбап маалыматтык технологияларга негизделген аралыктан окутуу Кыргызстандагы ЖОЖайлардын ичинен көбүнчө AVN программасы аркылуу маалыматтык-билим берүү системасы катары билим берүүнүн элементтерин жана виртуалдык билим берүү чөйрөсүнүн көптөгөн элементтерин айкалыштырат деген тыянак чыгарууга мүмкүндүк берет. Дистанттык окутуунун педагогикалык технологиялары – электрондук телекоммуникацияларды жана дидактикалык каражаттарды колдонуу менен кыйыр жана түз байланыштын педагогикалык технологиялары аркылуу иш жүзүнө ашырылат.
СТУДЕНТТЕРДИ АРАЛЫКТАН ОКУТУУНУН ПЕДАГОГИКАЛЫК ИЛИМИЙ НЕГИЗДЕРИ
![lorem](admin-admin/yk/13.png)
Илимий макаладааралыктан окутуунун педагогикалык илимий негиздери болуп, технологияны жакшы өздөштүргөн адистердин жардамы менен окутуучулар тренингдерден өтүшүп, эң ыңгайлуу программаларды окуу процессине киргизип, электрондук AVN программасы менен порталдарга видео сабактарды, электрондук китептерди, дисциплиналар боюнча окуу-методикалык куралдарды, студенттер үчүн өз алдынча иштерге карата педагогикалык көрсөтмөлөрү жүктөшөт. Окутуучуларыбыз интернеттен ар кандай маалыматтарды топтоп, видео сабак жасоонун жолдорун үйрөнүп, Youtube канал ачып, лекцияларды жана практикалык сабактарды жүктөп, алгылыктуу иш алып барып жаткандыгы кубанарлык көрүнүш. Ошону менен бирге, лекция жана практикалык сабактарды өтүүдө интерактивдүү досканы колдонуу менен сабак өтүү чеберчилигин мыкты деңгээлде пайдаланган окутуучуларыбыз көп. Алардын мыкты окумуштуулар көп, жана аралыктан окутуунун технологиясын, методдорун илимий жактан иш алып барган окумуштууларыбыз бар. Демек аралыктан окутуунун педагогикалык илимий негиздери бекемдөө менен иш алып жүрүүдө.