Жолдошев Н. Ж.

    Жолдошев Н.Ж., Рахимова Ж.Т.,
БАРГЫ УРУУСУНУН БАЙЫРКЫ БАРГУТ УРУУСУ МЕНЕН ЭТНОГЕНЕТИКАЛЫК БАЙЛАНЫШЫ
Страницы:380-388      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-4-380-388

Макалада кыргыздын Баргы уруусу легендарлуу Баргужин-токум өлкөсүнүн аталышы аны менен тыгыз байланышта болуп, Байкөлдүн ары жагын мекендеген байыркы Баргу же Баргут уруусу менен этногенетикалык байланыштары кытай булактарындагы маалыаттар менен бирге батышизилдөөчүүлөрү – É.Chavannes, G.Schlegel, V.Thomsen, F.Hirth,  орус-совет окумуштуулары – Н.А.Аристов,  А.Н.Бернштам, Л.П.Потапов, Е.В.Ковычев, С.М.Абрамзон, Б.Р.Зориктуев, А.Г.Малявкин сыяктуулардын эмгектеринин жана автордун талаа материалдарынын негизинде иликтөөгө алынып изилденет. Изилдөөнүн жыйынтыгында көпчүлүк илипоздор Баегу/Байырку уруусун келип чыгышы боюнча түрк тилдүүлөрдөн келип чыгышы жөнүндөгү гипотезаны колдошот жана карманышат. Алгачкылардан болуп Н.А.Аристов Баргы уруусунун аты монголиялык баргут уруусунун аты менен байланышта болушу мүмкүн деп, кыргыздын Баргы уруусу менен монголдордун баргут уруусунун этногенетикалык жактан байланыштырган. Н.А.Аристовдун бул гипотезасын колдоп С.М.Абрамзон Баргы уруусун Байкөлдүл ары жагын мекендеген байыркы Баргу же Баргут уруусу менен салыштырып, окшоштурган. С.М.Абрамзондун бул оюн бурят окумуштуусу Б.Р.Зориктуев кубаттап колдогон. Макаланын соңунда Баргы уруусунун курамында кездешкен  «ак баргы», «кара баргы», «сары баргы», «таз баргы», «карабагыш баргы», «мырза баргы»,  «улуу баргы», «кичи баргы», «хан баргы», «үч баргы», «үчбай баргы» деген этнонимдик аталыштарга кыскача аныктамалар берилген.

Полный текст

    Жолдошев Н.Ж., Ризаева Р.Р.,
САЯК ЭТНОНИМИНИН ЭТИМОЛОГИЯСЫ
Страницы:388-396      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-4-388-396

Макалада кыргыздын саяк уруусуусун аталышынын этимологиясы ассирия, грек, византия, кытай булактарындагы маалыматтар жана Х.Скёльд, Ж. ван Виндекенс,  О.Семереньи, Г.У.Бэйли,  В.Бранденштейн, М.Майрхофер, В.де Сен-Марте́н, Х.Лассен, С.Леви, В.Томашек, О.Франке, Ф.И.Страленберг, Г.Вамбери, Н.А.Аристов, В.В.Григорьев, Б.А.Литвинский, В.И.Абаев, Д.Е.Еремеев сыяктуу окумуштуулардын эмгектеринин негизинде иликтөөгө алынып изилденет. «Сак» этноними алгачкы жолу б.з.ч. 641-640-жылдарга таандык Ассирия жылнамаларында эскерилет. Кийинчерээк «сак» аталышын антикалык жана байыркы перс булактарынан кездештиребиз. Антикалык булактарда «сак» деген аталыш Орто Азия урууларына карата колдонулган, аларды көп учурда жамааттык, жалпы термин менен «скифтер» деп аташкан. Перстер бардык скифтерди сак деп аташкан. Окумуштуулар «Сак» этнониминин аталышын кыргыздын саяк уруусу менен байланыштырышат. Кыргыз санжырасында Саяк уруусунун түпкү теги Сайрак, Саксын, Сит деген эл экендиги баяндалып,  кыргыз уруулары деп эсептелет. Макалада Саяк уруусунун курамында кездешкен «саяк», «чекир-саяк», «катаган-саяк», «күңгөй-саяк», «тескей-саяк», «чоң-саяк», «анык саяк», «накта саяк», «нак саяк», «чыныгы саяк», «чын саяк», «төрө-саяк»,  «чоро-саяк», «чоңко-саяк» аталыштарга кыскача аныктамалар берилген. Ошондой эле саяк элинин материалдык маданиятына байланыштуу «саяк элечек», «чоро тон», «саяк ээр», «саяк ат» деген этнографиялык аталыштар кездешет. Изилдөөнүн негизинде Саяк (Сайак) уруусу б.з.ч. I миң жылдыктарда Борбордук Азияда жашаган байыркы Сак көчмөн урууларынын түздөн-түз урпагы болуп, анын аталышы Сайак (Саяк) – «даңктуу», «атактуу», «эң мыкты», «чыгаан», «кыраан», «колдоочу», «жортуулчу», «бир жерге токтобогон», «көчмөн» уруу же эл деген маанилерди тюндурат.

Полный текст