Эгембердиева А. А.
"МАНАС" ЭПОСУНДАГЫ МОНГОЛ, ИРАН, АРАБ СӨЗДӨРҮН ИЗИЛДӨӨНҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ
Бул макалада “Манас” эпосундагы монгол, иран, араб сөздөрүн изилдөөнүн тарыхый, маданий, тилдик, этнографиялык өңүттөрү белгиленип, кыргыз тилиндеги кыргыз-монгол параллелдери менен иран, араб сөз катмарларынын пайда болуусунун тарыхый, саясий, маданий, лингвистикалык факторлору, маданий жана тилдик карым-катыштары, тилдик кабыл алуулардын өбөлгө-шарттары изилдөөгө алынды. Ошондой эле “Манас” эпосунан алынган монгол, иран, араб сөздөрүнүн мисалында кыргыз тилинин баюу, өнүгүү процесстери көрсөтүлүп, башка тилдерден кабыл алынган сөздөрдүн эпосто аткарган лексикалык, семантикалык, стилистикалык функциялары талдоого алынды. Лексикалык баюунун эң өнүмдүү булактарынын бири катары чет тилдеринен жаңы сөздөрдү кабыл алуунун табигый, тарыхый жана маданий шарттары, тийгизген таасирлери, тилдик алака-катыштары илимде белгилүү болгон тарыхый окуялардын өңүтүнөн, башкача айтканда, тарыхый контексттен иликтөөгө алынды.
МАРФУГА БЕКТЕМИРОВАНЫН ПОЭТИКАЛЫК ИЗДЕНҮҮЛӨРҮ
Бул макалада азыркы казак адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Марфуга Бектемированын поэтикалык изденүүлөрү жөнүндө сөз болот. Советтер Союзу урагандан бери мурдагы союздук республикалардын ортосундагы маданий, анын ичинде адабий байланыштар солгундап, ар ким өз-өзү менен болуп калган учурлар болду. Анан акырындап ортодо аз болсо дагы көркөм котормолорду ишке ашыруу, биргелешкен адабий кечелерди өткөрүү аракеттери жүрдү. Мисалы, казак элинин дүйнөгө белгилүү жазуучусу Мухтар Ауэзовдун “Дүрбөлөң заман” повести Кымбатбек Укаевдин котормосунда жана Чыңгыз Айтматовдун баш сөзү менен китеп болуп чыгып, Мамлекеттик тил комиссиясынын чечими менен эгемен мезгилинде кайра басылды (2017). Абай Кунанбаевдин, Мукагали Макатаев менен Магжан Жумабаевдин, Олжас Сулейманов менен Улугбек Есдуалеттин китептери кыргызчаланып, биздин элдин ичинен өз окурмандарын тапты. Айрымдар жеке акын-жазуучулар тарабынан которулса, Абай менен Улугбек Есдалулеттин ырларын топ акындар которгон учурлар бар. Мисалы, акыркы аталган автордун “Биз дагы ашык болгонбуз” аттуу китебин көрүнүктүү акындар С.Эралиев, С.Жусуев, А.Рыскулов, М.Ааматов ж.б.лар которушкан. Эки элдин адабий алакасы тууралуу “Кыргыз, казак эгиз эл” аттуу салмактуу китеп дагы жарык көргөн (Түзгөн: С.Станалиев, М.Тентимишев). Биз дагы ошол салтты улап, Марфуга Бектемированын ырларын кыргыз тилине которуп, жана анын поэзиясындагы өзгөчөлүү жактарды анализдөөгө аракет кылдык.
Акындын ырларында, эң биринчиден, граждандык пафос негизги орунда. Ал өзүн казактын, талаанын кызы катары идентификациялайт. Андан кийин өз ата мекенинин жан-жаратылышына өзгөчө дилгирлик менен тартылып, талаа, деңиз, айыл, төрт мезгилдин көрүнүшү, таңдын атышынан күндүн батышына чейинки керемет сулуулук ж.б. тууралуу мыкты ырларды жараткан.
Акын айланага суктанып эле отура бербейт. Ал ушул керемет дүйнө менен бирге болуу түбөлүк эмес экендигин, өмүрдүн учкулдугун, жаштыктын кайталангыстыгын, дүйнөнүн кымбаттыгын ырга салган философиялык ырларга дагы поэзиясынан негизги орун берет. Акындын сүйүү лирикалары аял затына мүнөздүү тартынчаактык менен коштолот. Бирок ошол эле учурда анда сыр жашырбастык бар. Сүйүү бир гана кымбат адамына сүйүү эмес. Анда жалпы эле эл-жерге, балага сүйүү дагы бар.
Чыгармачылыгын карап отуруп, биз акын Марфуга Бектемированын өзүнүн анча узак эмес (54 жаш) өмүрүндө көп адабий табылгаларды калтырып кеткендигин анын поэзиясындагы өзгөчө саптар, көркөм сөз каражаттарынын колдонулушу аркылуу далилдегенге аракет кылдык.