Досалиева К. Э.

    Досалиева К.Э.,
ПЕДАГОГИКАЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДАГЫ БИЛИМ-ТАРБИЯ СИСТЕМАСЫ: БҮТҮНДҮК ЖАНА АЙЫРМАЧЫЛЫКТАР
Страницы:448-454      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-4-448-454

Макалада билим-тарбия системасынын педагогикалык технологиялардагы орду, маани-маңызы жана методологиялык жактан биримдиги аныкталат. Билим менен тарбиянын шарттуу айырмачылыктары көрсөтүлгөн. Ислам педагогикалык системасынын негизги принциптери каралган.Мусулмандык билим берүүнүн модели биринчи кезекте Куран жана Сүннөткө, ошондой эле алгачкы мусулман ойчулдарынын илимий-теориялык жетишкендиктерине негизделген.Окумуштуулар адам жашоосунун бүтүндүгүнөн жана анын бардык аспектилеринин башташат: идеологиялык, жүрүм-турумдук, этикалык ж.б.  Ислам педагогикалык системасы инсанды калыптандырууну, ар кандай курактагы инсанды тарбиялоону жана билим берүүнү практикалык ишке ашырууга багытталган. Билим берүү дүйнөнү таанып-түшүнүүгө гана эмес, бул дүйнөдө жашоого да жөндөмдүү адамдын белгилүү бир дүйнө таанымын калыптандырып, сабатсыздыктан билимге өтүү маселесин чечет. Исламда таанып билүүнүн максаты – адамды жакшылыкка үйрөтүү. Таалим-тарбиянын түпкү максаты – адептүү инсанды калыптандыруу.«Адеп» түшүнүгү адамдын руханий да, материалдык да жашоосун, анын коомдук мамилелерин камтыйт. Аалымдар бул түшүнүктү даанышмандык (хикмат) булагынан алынган илимдин негизинде калыптанган татыктуу жүрүм-турум катары баалашат: жогорку өнүктүрүү сапаттар адамды каталардан сактайт.Бул ислам педагогикалык системасынын негизги принциптеринин бири.  

Полный текст