Нишанов Н .

    Курбанова Н.У., Нишанов Н...,
КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕКТЕПТЕРИНДЕ “ДИНДЕРДИН ӨНҮГҮҮ ТАРЫХЫ” ПРЕДМЕТИН КИРГИЗҮҮ – АДЕП-АХЛАКТЫК КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗДООНУН МЕХАНИЗМДЕРИНИН БИРИ КАТАРЫ
Страницы:473-479      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-473-479

Диндерди изилдөө дүйнөлүк жана ата мекендик маданияттын жетишкендиктерин өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт, искусство жана адабият чыгармаларын, каада-салттарын, үрп-адаттарын, мыйзамдарын жана ата-бабаларыбыздын жана башка элдердин ой жүгүртүүсүн түшүнүүгө жардам берет. Кыргызстанда 2000-жылдардын башында  коомдо динге байланыштуу көйгөйлөр пайда болгон. Кыргызстандын   коомчулугу, анын ичинде эксперттер, окумуштуулар, диний уюмдардын өкүлдөрү, дин маселелери менен алектенген мамлекеттик кызматкерлер жаштарды диний агартуунун зарылдыгы жөнүндө маселени көтөрүшкөн. Билим берүү министрлигинин, КР Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы кыргыз билим берүү академиясынын колдоосу астында автордук жамаат  да чогулган. Анын чечиминин негизинде «Дин таануу” сабагын мектеп программасына киргизүү иш чаралары  башталган,  жалпы билим берүүчү мектептерге киргизилген жана апробациядан өткөн. Автордун пикири боюнча  учурда  “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметинин киргизилиши коомго, жаштардын диндин маанисин туура тушунушуно, толентраттуулукка үндөйт. Аталган предметтин орто мектептерде окутулуусу бул билим беруу тутумундагы   актуалдуу кадамдарынын бири деген пикирди автор чагылдырат.

Полный текст