Жуманалиева Н. О.
КОЛЛЕДЖ СТУДЕНТТЕРИНИН АНГЛИС ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮСҮНӨ СОЦИАЛДЫК ЖАНА МАДАНИЙ КОНТЕКСТТИН ТААСИРИ
Илимий макаланын актуалдуулугу азыркы дүйнөдө англис тилин билүү окуудагы, кесиптик ишмердүүлүктөгү жана жеке жашоодогу ийгиликтин эң маанилүү факторлорунун бири болуп саналгандыгында. Ошондой эле тилди үйрөнүү процесси ал пайда болгон социалдык жана маданий контекст менен тыгыз байланышта. Макалада колледж студенттеринин англис тилин үйрөнүүсүнө социалдык жана маданий контексттин таасири талданып, студенттердин мотивациясына, окуу стратегиясына жана окуу ишмердүүлүгүнө таасир этүүчү социалдык жана маданий контексттин негизги факторлору аныкталып, англис тилин окутуу процессин социалдык жана маданий контекстке ылайыкташтыруу боюнча сунуштары иштеп чыгылды. Бир жагынан, маданияттар аралык баарлашуу оозеки англис тилин үйрөтүүдө маанилүү ролду ойнойт, мындан тышкары, англис тилин оозеки окутуу маданияттар аралык коммуникация компетенттүүлүгүн өркүндөтөт. Башка жагынан алып караганда, кээ бир өлкөлөрдө англис тили ийгиликтүү келечектеги мансап үчүн зарыл шарт эмес. Студенттердин маданияттар аралык оозеки баарлашуу көндүмдөрүн өркүндөтүү маданияттар аралык коммуникация көндүмдөрүнө жана англис тилин оозеки окутууга бирдей көңүл бурулмайынча мүмкүн эмес. Изилдөө усулдары катары илимий адабияттарды талдоо, окуу материалдарын талдоо, сурамжылоо, түздөн-түз байкоо жүргүзүү, индукция жана дедукция колдонулду.