Рысмендеева Н. К.
“МАНАС” ЭПОСУ: МИФТЕН ЛОГОСКО ЭВОЛЮЦИЯЛЫК ӨРҮШ
Макалада «Манас» эпосунун жана манасчылык өнөрдүн азыркы учурдагы абалы, дүйнөлүк эпостордун, анын ичинде «Манас» эпосунун өнүгүүсүндөгү жалпылыктар жана айырмачылыктар каралды. «Манас» эпосунун мифий башаттан соңку – заманбап илимий ракурстан иликтөөгө алуу менен эпостун мазмундук түзүлүшүнүн эпико-эволюциялык динамикасы талдоого алынды. «Манасты» изилдөөгө арналган теориялык жана илимий-популярдуу эмгектердин негизинде, жалкы, айрым-айрым изилденбестен, дүйнөлүк эпостор менен фольклордук, филологиялык, этнографиялык ж.б. өӊүттөрдөн сыпаттама, сүрөттөмө мүнөздөн өтүп, жаӊы форматта, илимдердин синтезинде, философиялык призмадан өткөрүлө каралышы керек. Андыктан, «Манас» эпосуна жөн гана эпикалык ыр саптардын жыйындысы катары мамиле этилбестен, узак убакыттар аралыгында уламалуу калыптанып келген эпико-эволюциялык процесс катары кабылдануусу зарыл экендиги белгиленди. Ошону менен бирге эле, манасчылар, манасчылык өнөрдүн өнүгүүсү, учурдагы абалы, дүйнө жүзүндө эпос айтуучулук феномени, кайсы элде болбосун, өзүнүн толук кандуу аныктамасын ала электиги «Манас» айтуучулар да бүгүнкү күндө илимий өӊүттөн ийине жеткире изилденбей жатышы талдоого алынды.