Садыкбек кызы Ж .
КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫ ЖАНА АБАЙ КУНАНБАЕВ
Макалада Абай (Ибрагим) Кунанбаевдин кыргыз маданиятындагы орду жана анын чыгармаларын кыргыз тилине которуудагы алгачкы кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн эмгектери: 1930–1940-жылдары Жоомарт Бөкөнбаев менен Аалы Токомбаев тарабынан колго алынган которуу иши, Аалы Токомбаевдин баш сөзү менен 1970-жылы жарык көргөн «Абай менин элим» аттуу жыйнак, 1994-жылы жарык көргөн «Абайдын ырлары» аттуу ыр жыйнак, 1994-жылы «Айла» басмасында жарык көргөн «Мыкты ырлардын китепканасы» деген ат менен Абайдын тандалма ырларынын котормолору мыкты делген тогуз акындын котормолору, 1995-жылы «Шам» басмасынан жарык көргөн «Абай ырлары» аттуу төрт кыргыз акыны которгон ыр жыйнактары тууралуу сөз болот жана котормолордо Абайдын ырларынын тематикасы – социалдык жактан ыдыраган феодалдык-уруучулук коомдун моралдык-нравалык бейнеси экендиги жана акындын дүйнө туюмун мүнөздөгөн сезимдерин, ойлорун, сөздөрүн жана образдар системасын, стилистикалык ыкмаларын берүү аракеттери, Алым Токтомушевдин калемине таандык Абайдын санат, насыят, жан сыры түрүндө жазылган «Гаклия» аттуу прозалык чыгармасы тууралуу айтылат.
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНДАГЫ МИФ ЖАНА РЕАЛДУУЛУК ПРОБЛЕМАСЫНЫН АЙРЫМ МАСЕЛЕЛЕРИ
Макалада Чынгыз Айтматовдун миф чыгармачылыгынынжазылышынын жана жарыяланышынын хронологиялык принциби, эпикалык мотивден мифологияга, ал аркылуу эсхатологияга өткөн негизги этаптардын так аныкталгандыгы, адабий чыгармачылык менен мифологиялык традициялардын байыркы доордон бүгүнкү күнгө чейинки көп кылымдык тарыхы, анда мифке жана миф чыгармачылыкка карата мамиленин ар кандай типтери, ошондой эле анын чыгармачылыгындагы эсхатологияга өткөн этап “Кыямат” романында улантылгандыгы, андагы теориялык-философиялык ойломдун тереңдиги, адамды жана дүйнөнү ачып-түшүндүрүүнүн көркөм-эстетикалык жана абстракттуу-теориялык формаларынын жогорку деңгээлде колдонулгандыгы, андагы адамзат цивилизациясынын экологиялык-моралдык абалы, ушул процессте түпкүлүктүү философиялык негизинин өзгөчөлөнгөн символикалуу образдары жана мифтердин тарыхый-маданий процесстин жүрүшүндө өзгөрүүлөргө учурап, жаңы контекстке кошулуп трансформацияланышы окумуштуулар тарабынан терең ачылгандыгы тууралуу сөз болот.