Кыдыкбаева К. С.

    Байгазиев С..., Сабитова Э.С., Кыдыкбаева К.С.,
ЧЫӉГЫЗ АЙТМАТОВ – АК КАЛПАК КЫРГЫЗДЫН ЖАНА АДАМЗАТТЫН ДААНЫШМАНЫ
Страницы:702-709      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-4-702-709

Ч. Айтматов өзүнүн пикирлештери менен бирге “биз жаңы доордун жаңы идеяларын, жаңы гуманисттик аң сезимин Батыш менен Чыгышка, дүйнөнүн бардык калайык-калктарына гөтөрүп алып бараткан караванбыз деп жар салганы дүйнөлүк коомчулуктун акыл-эсинде. Ч. Айтматовдун жаңы идея дегени-эскиметодтордун жана механиздердин, көнүмүш догмалардын, саясий - аскердик жарышуунун, конфронтациялардын, майда кыжы-кужунун алкактарынан чыгып, дүйнөлүк жалпы коркунучтардын алдында биригүүнүн, өз ара кол кармашуунун, жаңы планетардык ойломдун негизинде кызматташуунун идеясы болучу, адамзаттын, жердин, космостун тутумдаштыгы жөнүндөгү аалам идеясы болчу. Мына ушундай ишениминен улам Ч.Айтматов 1975- жылы “Союз”, “Аполлон” кораблдери космостон жалгашканда, “бул окуяны-адамзат духунун кубаттуу күчү бири бирине талкалоочу эмес, түзүүчү максатка багытталгандыгынын бир жарк эткен көрүнүшү”,-деп Нью-Йорк телевидениесинен сүйлөп, чын жүрөгүнөн кубанган.

Полный текст