Калыбекова Батма Калыбековна
“СЕМЕТЕЙ” ЭПОСУНУН ПОЭТИКАЛЫК ЫКМАЛАРЫ
Бул макалада “Манас” үчилтигинин экинчи бөлүмү болгон “Семетей” эпосунун поэтикалык курулуш ыкмалары каралат. Эпос өз ичине камтыган жогорку көркөмдүккө ээ болгон окуялардын “Манас” эпосундагы поэтикалык эпизоддор менен салыштырып, талдоого алынат.
“СЕМЕТЕЙ” ЭПОСУНДАГЫ БАШКЫ КААРМАНДАРДЫН ОБРАЗДАРЫНЫН БЕРИЛИШИ
Макалада “Манас” эпосундагы башкы каармандардын образдары “Семетей” эпосунда орун алышы жана каармандардын туруктуу орду каралат. Чыгарма башкы каармандардын негизинде өнүгөт жана образдардын берилиши менен көркөмдөлүп, өзүнүн эпикалык бир бүтүндүгүн сактап турат.