Эркебаев Абдыганы Эркебаевич
АСЫЛДЫКТЫ АЗДЕКТЕГЕН ААЛЫМ ЭЛЕ
Макалада белгилүү философ окумуштуу Теңдик Аскаровдун адабият таануу, сын жана эстетика жаатындагы илимий изилдөөлөрү, коомдук-саясий көз караштары жана ишмердиги тууралуу сөз болот. Т.Аскаровдун изилдөөлөрүнүн чабыты боюнча кенендиги, мазмуну боюнча тереңдиги, анын илимий көз карашы туруктуулук менен ийкемдүүлүктүн биримдигинен тургандыгы белгиленет.