Козубаев О .

    Козубаев О...,
ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫН СОЦИАЛДЫК-ЭТИКАЛЫК ЖАГЫ
Страницы:80-85      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2020-3-80-85

Адамзаттын алмустактан берки тарыхында технологиялык ачылыштар дайыма ѳзгѳчѳ мааниге ээ болуп келет, айталы адам баласы алгач ирет сокону же дѳнгѳлѳктү ойлоп тапкандан бери карай. Бул макалада алды менен мындан дээрлик он миң жыл илгери башталган агрардык революциянын ролу бѳлүнүп кѳрсѳтүлѳт. Анын натыйжасында дыйканчылык башталып, адамзат жашоонун отурукташкан формасына ѳткѳн.

XVI кылымда Англияда башталган алгачкы ѳнѳр жай революциясынын аркасында ѳндүрүштүк технологияда ѳзгѳчѳ ѳзгѳрүүлѳр жүрѳ баштаган. Биринчи кездеме токуучу станокторду колдоно баштоо менен адам кол эмгегине негизделген ѳндүрүштѳн станоктук ѳндүрүшкѳ ѳткѳн. Ошол эле учурда темир иштетүүдѳ да жаңы ачылыштар болуп, ал эми ХVIII кылымда ѳндүрүштѳ буу машиналарды иштетүү башталган.

XIX кылымдын аягында электр энергиясын, телеграфты, телефонду, радиону, нефттен алынган буюмдарды, айрыкча синтетикалык материалдарды колдонуу менен экинчи ѳнѳр жай революциясы башталган.

ХХ кылымдын экинчи жарымынан тартып компьютерлерди, ал эми азыр ар түрдүү санариптик маалыматтык, телекоммуникациялык жана лазердик технологияларды кеңири колдонуу жана улам ѳркүндѳтүү менен үчүнчү, ал эми кѳп убакыт ѳтпѳй тѳртүнчү ѳнѳр жай революциялары башталган жана жүрүп жатат.

Полный текст