Токтогулова Гүлжамал Тыныбековна
РУХАНИЙ КООПСУЗДУКТУН ИЛИМИЙ АНАЛИЗИ
Бул илимий макалада руханий коопсуздук маселесине илимий анализ жасалды. Илимий изилдөөдөгү негизги багыт азыркы коом үчүн өтө актуалдуу болуп саналган баалуулуктар, адам, коом, мамлекет экзистенциясынын коопсуздук маселелерине арналды. Ааламдашкан алкак көптөгөн мамлекеттерге көп кырдуу таасир тийгизип, коомчулуктун руханий маданияты приори жана коомдун руханий коопсуздугу менен байланышкан көйгөйлөр азыркы коомдун дашоосунда өтө актуалдуу болууда. Ошондой эле коомчулукка сунушталып жаткан руханий коопсуздук темасындагы илимий макала бүгүнкү күндүн зарыл актуалдуу маселеси экендигин тастыктап турат.