Алагөз уулу Азамат
АГИОГРАФИЯЛЫК ЧЫГАРМАЛАР КЫРГЫЗДАРДЫН ДИНИЙ ТАРЫХЫНЫН БУЛАГЫ КАТАРЫ («ЗИЙА АЛ-КУЛУБ» ЭМГЕГИНИН МИСАЛЫНДА)
Макалада «Зийа ал-кулуб» эмгегиндеги XVII кылымда кыргыздардын арасындагы исламдын таралышы тууралуу маалыматтар берилди. Булактын изилденүү тарыхы каралды жана кыргыздардын диний ишенимдери тууралуу маалыматтарга анализ берилди. “Зийа ал-кулуб” агиографиялык эмгек болуп эсептелинет жана бул себептен ага сарай тарых жазуу салттуулугу таасир берген эмес.