Азизбек Б. уулу
МАДАНИЯТ АРАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ: ВЕРБАЛДЫК ЖАНА ВЕРБАЛДЫК ЭМЕС КАРАЖАТТАРДЫН КАРЫМ-КАТЫШЫ
Бул макалабызда саламдашуу коммуникациясындагы вербалдык эмес компоненттер тууралуу кеп кылмакчыбыз.Саламдашуудагы вербалдык компонент көпчүлүк учурда вербалдык эмес компонент менен толукталат. Башкача айтканда, коммуникациянын бул түрү вербалдык эмес каражат-ыкмалар менен да коштолот. Айрым учурда, жогоруда белгиленгендей, вербалдык каражаттарга караганда вербалдык эмес каражат-ыкмалар маалыматты туюндуруп берүү жагынан кыйла сыйымдуу боло алат.