Казиева К. К.
СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВДИН ПУБЛИЦИСТТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИ ЖАНА ИЗДЕНҮҮ СТРАТЕГИЯСЫ
Окумуштуу Советбек Байгазиевдин публицисттик чеберчилиги, көркөм тили жана изденүү стратегиясы жөнүндө. Советбек Байгазиевдин чыгармачылык өмүр-жолундагы улуттун руханий казынасына кошкон салымы, изденүүчүлүк кудурет-күчү жана кыргыз публицистикасына салганы чыйыры, стилдик өзгөчөлүгү талдоого алынат.
СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВДИН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК ЖЫЛДАРЫНДАГЫ ПУБЛИЦИСТТИК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ
Публицист Советбек Байгазиевдин публицистикалык эмгектериндеги демократиялык коом, улуттун эркиндиги жана улуттук аң-сезим маселеси козголот. Публицисттин окумуштуулук жана публицисттик тажрыйбасынын натыйжасында демократиялык коомдогу өзүнүн үнү, принциптери жана көз караштары публицистикалык стилдин талаптарына ылайык талдоого алынат.