Суранчиева Махабат Бейшеновна

    Суранчиева М.Б.,
“КОНОК” КОНЦЕПТИНИН ЛИНГВО-КОГНИТИВДИК АНАЛИЗИ
Страницы:76-81      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2019-4-76-81

Окумуштуулардынкогнитивдиклингвистикагакызугуунунбашкысебептерининбириадамбаласытиларкылууоюнбилдирет, тиларкылууалдынакойгонмаксаттарынбагындырат, эңнегизгисикүнүмдүктиричиликтепикиралышат.Когнитивдик лингвистика аңдап билүү, түшүнүү, ой жүгүртүү, кабыл алуу учурундагы менталдык процесстерди изилдей турган илим. Анын башка илимдерден айырмачылыгы – эс тутум, кабыл алуу, аңдап түшүнүү сыяктуу процесстерди тилдин материалдарында карагандыгында. Когнитивистикада адамдык когницияга көнүл бурулат, адамдын ички ой жүгүртүүсү изилдөөгө алынат. Адамдын жүрүм-туруму жана ишмердүүлүгүнүн негизинде анын когнитивдик дүйнөсу изилденет, тилдин катышуусу аркылуу ачылат. Бул макала аркылуу “конок” концептинин когнитивдүү далилдерин сүрөттөө жана изилдөө аракети жүргүзүлөт. Бул макалада дүйнөдөгү эң байыркы элдердин бири болгон көчмөн кыргыз элинин жашоосундагы маанилүү негизги түшүнүктөрдүн бири “конок” концептинин этно-маданий өзгөчөлүктөрүнүн анализи берилет. Кыргыз элинин конок кабыл алуу салт-санаалары, урмат-сый, руханий маданиятты ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат. Конок жана меймандостук мааниси көчмөн кыргыз элинин боз үйү менен тыгыз байланышта толук ачылат.

Полный текст