Асанов Т. И.
А.СЫДЫКОВДУН ТАРЫХЫЙ-ЭТНОЛОГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨРҮ
Макалада коомдук-саясий ишмер А.Сыдыковдун Орто Азия мамлекеттик университетинде экономист кызматында эмгектенген мезгилдеги кыргыз элинин тарыхы, этнографиясы жана көчмөн чарбалардын экономикасы боюнча тарыхый-этнологиялык изилдөөлөрү талданган. Автордун эмгектери аталган багыттагы эң алгачкы изилдөөлөрдөн болгондугу жана азыр да илимий-практикалык маанисин жогото электиги, өзгөчө мал чарбачылыгында жайыттарды пайдаланууну уюштуруу жөнүндөгү ойлорунун маанилүүлүгү белгиленген.