Кулов Жолдошбек Мухамбетшаевич
А.СЫДЫКОВДУН КАНАЙ МЕКТЕБИН АЧУУДАГЫ ЖАНА “МАНАС” ЭПОСУН ЖАЗДЫРЫП АЛУУДАГЫ РОЛУ (АРХИВДИК ТАБЫЛГАЛАР)
Докладдын текстинде жаңы архивдик документтердин негизинде Канай болуштугунда 1919-жылы “Джамгурия” деген аталыштагы алгачкы мектептин ачылышындагы А.Сыдыковдун жана агартуучу Биримкул Байтулиндин ролу, ошондой эле А.Сыдыковдун “Манас” эпосун залкар манасчы Сагымбай Орозбаковдон Ыбырайым Абдрахмановдун жазып алышына жигердүү аракеттери ишенимдүү баяндалган.