Карасартова Ч. Ж.
КЫРГЫЗСТАН УЛУУ АТА-МЕКЕНДИК СОГУШ ЖЫЛДАРЫНДА
Бул макалада Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жеңишти камсыз кылуу үчүн Кыргызстанда жүргүзүлгөн иштер туралуу баяндалды. Архивдик материалдардын негизинде Кыргызстан КП (б)нын Борбордук Комитетинин бюросу масштабдуу саясий иш жүргүзүү аркылуу эмгекчилердин уюшкандыгын, тартибин, мобилизациялык даярдыгын бекемдей алгандыгы көрсөтүлдү.
«МУТАКАЛЛИМ» АЯЛДАРДЫН ПРОГРЕССИВДҮҮ КООМДУК БИРИКМЕСИНИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ ЖАНА АНЫН КООМДОГУ ЭЭЛЕГЕН ОРДУ
Бул макалада «Мутакалим» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары талдоого алынды жана анын коомдогу ээлеген ордуна баа берүүгө жасалды.
ПРОБЛЕМЫ РАЗРАБОТКИ И ВНЕДРЕНИЯ ПРЕДМЕТА РЕЛИГИОВЕДЕНИЯ В ШКОЛАХ КЫРГЫЗСТАНА
В данной статье авторы рассматривают о том, что высокие темпы исламизации, арабизации внешнего вида мусульман и мусульманок, социальными конфликтами разного рода проблемы, возникающими на почве религии, рост религиозных организаций и объектов, стали причиной внедрения предмета религиоведение в общеобразовательные школы.И как отмечено, что внедрение религиоведческого образования в систему образования будет способствовать обучение школьников морально-нравственным и культурным ценностям религий, формирование навыков уважительного отношения к религиозным культурам современного общества, воспитания чувства гражданской зрелости.
И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУнун ТАРЫХ ЖАНА СОЦИАЛДЫК-УКУКТУК БИЛИМ БЕРҮҮ ФАКУЛЬТЕТИ: КЕЧЭЭ ЖАНА БҮГҮН
Бул макалада И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин түзүлүү тарыхы жана анын ишмердүүлүгү туралуу баяндалды. Учурдагы архивдик материалдарын негизинде факультеттин ар тарптуу ишмердигине талдоо жүргүзүлүп, ийгиликтерине баа берилди
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЫЙЫК ЖЕРЛЕРДИН КЫРГЫЗДАРДЫН РУХАНИЙ МАДАНИЯТЫНА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ
Бул макалада ыйык жерлердин кыргыздардын руханий маданиятына тийгизген таасири талдоого алынды. Байыркы жана көчмөн эл болгон кыргыз элинин байыркы замандан бери ата-бабалардан келе жаткан сыйынуу каадасынын бүгүнкү күнгө чейин сакталып келиши, Кыргызстанда көп сандаган диний жана ыйык жерлердин бар болуусунун өзү эле элдердин руханий жашоосунда мындай жерлердин маанилүү
экендигинен кабар берет.
СССР мезгилиндеги атеисттик саясттын кесепетинен ыйык жайларга көңүл бурулган эмес. Кыргызстан эгемендикти алгандан бери коомдо ыйык жайларга болгон кызыгуу күч алгандыгына карабастан, алар толук изилденип же мамлекет тарабынан коргоого алына элек. Теманын актуалдуулугу азыркы ааламдашуу шартында, көчмөндөр цивилизациясын даңазалоо, өлкөнүн табигый жаратылышын жана элибиздин улуу маданиятын дүйнө элдерине таанытуу маселеси менен шартталган..
ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМДИН СЕБЕПТЕРИ ЖАНА ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ: КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АГА КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ ЖОЛДОРУ
Бул макалада XXI кылымда дүйнөлүк масштабда адамзат үчүн эң коркунучтуу көйгөйлөрдүн бирине айланган экстремизм жана терроризм менен байланыштуу болгон маселелер каралды, өзгөчө диний экстремизмдин күч алгандыгы жана анын себептери аныкталды. Ошондой эле, Кыргызстандагы экстремизм көйгөйлөрүнүн актуалдуулугу аргументтештирилип, азыркы күндөргө чейин болуп өткөн террористтик актылар таблицада көрсөтүлдү. Ислам ураандарына жамынып алып жашыруун иш аракеттерди жүргүзгөн жихадчылардын үгүт-насааттары жана калктын радикалдашып жаткандыгы өзгөчөлүк катары белгиленди.
Кыргызстандагы экстремизмдин пайда болуу себептери иликтенип, бул маселе менен алектенген окумуштуулардын көз караштары талдоого алынды. Болуп жаткан көйгөйлөрдүн ички жана тышкы факторлору ачылып берилди жана мамлекеттик деңгээлдеги экстремизмге каршылык көрсөтүү үчүн кандай чаралар керек деген суроолорго жооп берүүгө аракет жасалды.