Джакыпов К. К.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА МУЗЫКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН УЧУРДАГЫ АЙРЫМ МАСЕЛЕЛЕРИ
макалада учурда өлкөбүз капталган руханий кризис, анын себептери жана андан чыгуунун кээ бир жолдору. Жалпы билим берүүчү орто мектептерде эстетикалык циклдагы сабактарды окутуу проблемасы, мамлекетибизде ага карата жасалган мамиле. КР Президенти С. Жапаровдун алгачкы жарлыгы жана аны турмушка ашырууга карата айрым сунуштар камтылды.
КР ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН КӨРКӨМ БИЛИМ БЕРҮҮ ФАКУЛЬТЕТТЕРИНДЕ САЛТТУУ МУЗЫКА АРКЫЛУУ СТУДЕНТТЕРГЕ ЭСТЕТИКАЛЫК ТАРБИЯ БЕРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ
Макалада КР жогорку окуу жайларынын көркөм билим берүү факультеттеринде салттуу музыка аркылуу студенттерге эстетикалык тарбия берүүнүн ролу, коомдогу талаптар жана анын учурдагы абалы жана аталган маселени чечүүдө аткарылып жаткан иштер тууралуу талдоо жүргүзүлгөн.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА МУЗЫКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН УЧУРДАГЫ АЙРЫМ МАСЕЛЕЛЕРИ
макалада учурда өлкөбүз капталган руханий кризис, анын себептери жана андан чыгуунун кээ бир жолдору. Жалпы билим берүүчү орто мектептерде эстетикалык циклдагы сабактарды окутуу проблемасы, мамлекетибизде ага карата жасалган мамиле. КР Президенти С. Жапаровдун алгачкы жарлыгы жана аны турмушка ашырууга карата айрым сунуштар камтылды.
САЛТТУУ МУЗЫКА КАРАЖАТТАРЫ АРКЫЛУУ СТУДЕНТТЕРДИН ЭСТЕТИКАЛЫК МАДАНИЯТЫН КАЛЫПТАНДЫРУУ – УЧУРДУН КЕЧИКТИРИЛГИС МАСЕЛЕЛЕРИ
Макалада XXI кылымдын башында ааламдашуу шартында Кыргыз республикасында орчундуу маселеге айланган мамлекетик идеологиянын алсыздыгы, жан дүйнөдөгү боштук, башкача айтканда, социалдык жана жеке жашоонун негизги максаттарын, идеалдарын жана маңызын аныктаган жогорку руханий дөөлөттөр тутумунун бузулушу, адамдын жашоосунун, адамдык баалуулуктар – илим-билимдин, абийирдин, ар-намыстын, кадыр-барктын тѳмѳн бааланышы тууралуу көрүнүштөргө токтолуп, бул багытта мамлекет тарабынан жана көркөм билим берүүчү окуу жайлары жагынан жасалып жаткан кадамдар тууралуу маалымат берүү менен аны чечүүгө карата аткарылуусу зарыл болгон иш чаралар жана айрым маселелер тууралуу пикирин билдирет.
ЖАШ МУУНДАРГА КЫРГЫЗ САЛТТУУ КОМУЗУН ОКУТУП-ҮЙРӨТҮҮДӨ КАЛЫБЕК ЖЕКШЕНОВДУН РОЛУ
Макалада автор кыргыз салттуу комузунун элибиздин руханий дүйнөсүндөгү алган орду, анын калыптанып өсүп-өнүгүүсүнө коомдук факторлордун таасири, Совет доорунда салттуу комуздун модернизацияланышы, коммунисттик идеологиянын салттуу музыкага анын ичинде комузчулук өнөргө болгон оң жана терс мамилелери камтылып, эгемендүүлүктүн келиши менен аткарылган иш аракеттер тууралуу баяндалган. Салттуу комуздун музыкалык 265 билим берүү багытында окуу процессине киргизилүүсүнө ошол учурдун таланттуу педагогдорунун бири катарында Калыбек Жекшеновдун ролу баса белгиленген.