Доктурбек кызы Гүлбайра
КЫРГЫЗ АРЕАЛДЫК ТОПОНИМИЯСЫ
Тарыхтан белгилүү болгондой, кыргыз эли кылымдар бою көчмөн турмушту аркалап, ата-бабаларыбыздан калган мекенибизди, Кыргызстанды, жердеп келишкендигин далилдей турган эн бир туруктуу эстеликтер катары ареалдык топонимдер саналат. Ошондой эле 11-кылымдагы көрүнүктүү чыгыш таануучу өзүнүн алгачкы картасында ареалдык топонимдерди негиз катарында алып, өз мекени Барскоонду жана Ысык-Көлдү жер шарынын борбору катырында көрсөткөн. Анткени байыркы жер-суу аталыштары жана тоо кыркаларынын аталышы кыргыз элинин кылымдар бою басып өткөн жолун чагылдыруу менен бир катарда эле кыргыз лексикасынын негизин, б. а. ядролук фондун толуктап, кыргыз элинин менталдуулугу менен тыгыз байланыштуу экендиги шек туудурбайт. Жер-суу аталыштары, же болбосо топонимдер экстерриториалдык мүнөзгө ээ болуп, номинативдердин катарын түзө алат. Ошондуктан аталган макалада ареалдык топонимдердин тарыхый эволлюциясындагы концептуалдык негиз ар тараптан иликтенет
КЫРГЫЗ АРЕАЛДЫК ТОПОНИМИЯСЫНЫН АРАБ ОКУМУШТУУЛАРЫ ТАРАБЫНАН ИЗИЛДЕНИШИ
АрабокумуштууларынынизилдөөлөрүндөазыркыКыргызстанжайланышканчөлкөмдөкыргызурууларынынжердегендигижанаареалдыккатыштыннегизиндекөптөгөнжер-сууатттарыпайдаболгондугуайтылат. Белгилүү тарыхчы А.Бернштам кыргыз жергесинде согдуларга тиешелүү көптөгөн археологиялык калдыктар табылгандыгына жана согдулар менен кыргыз урууларынын ареалдык катышынын негизинде көптөгөн топонимдер жаралгандыгына токтолгон. Бул макалада автор ареалдык катыштын топонимикада, когнитивдик лингвистикада негизги орунду ээлей тургандыгын баса белгилейт.