Торогельдиева К. М.

    Кызалакова А..., Торогельдиева К.М.,
МЕКТЕП КУРСУНДА КОМБИНАТОРИКАНЫ ОКУТУУНУН ЫКМАЛАРЫ
Страницы:7-14      Язык:  lorem    DOI:

Макаладакомбинаториканы окутуунун методикалык багыттары берилди. Колдонуу аймактары жана тарыхый маалыматтар берилди. Ѳз алдынча иштѳѳгѳ кѳнүгүүлѳр сунушталды.

Полный текст

    Торогельдиева К.М., Боубекова Ж...,
7-КЛАССТЫН МАТЕМАТИКАСЫНДАГЫ АЛГЕБРАЛЫК ТУЮНТМАЛАР ЖАНА АЛАРДЫ ТЕӉДЕШ ѲЗГѲРТҮП ТҮЗҮҮЛѲР
Страницы:7-14      Язык:  lorem    DOI:

макаладатеӊдешѳзгѳртүптүзүүлѳртеӊдемелерди, барабарсыздыктарды, геометриялыкмаселелердичыгарууда, функцияныизилдѳѳдѳкеӊириколдонулатургандыгыталданды. 7-класстаокутулуучуалгебралыктуюнтмаларжанаалардытеӊдешөзгөртүптүзүүлөрберилди.

Полный текст

    Торогельдиева К.М., Мажиева Д.Т., Батырбек уулу Д...,
МАТЕМАТИКАНЫ ОКУТУУДАГЫ ПРЕДМЕТ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШТАРДЫН МААНИСИ
Страницы:196-200      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2023-1-196-200

Предметтер аралык байланыштар проблемасы орто мектептин практикасында пайдаланылып келген, азыр коомдун талабына ылайык өнүгүүнү талап кылууда. Математиканын окуу процессиндеги предметтер аралык байланыштарда төмөндөгү ишмердүүлүктөр ишке ашырылат: тиешелүү мазмунга туура келген окуу предметтердин материалдарын координациялоо; алардын илимий жана прикладдык деңгээлин көтөрүү; окуучулардын билимдерин системалаштыруу; жалпыланган окуу көндүмдөрүнө ээ кылуу; ар тараптан өнүккөн инсанды калыптандыруу.

Полный текст

    Торогельдиева К.М.,
САЛЫШТЫРМАЛУУ МЕТОД АРКЫЛУУ МАТЕМАТИКАЛЫК ТҮШҮНҮКТӨРДҮ ТҮЗҮҮ
Страницы:191-195      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2023-1-191-195

макалада математикалык түшүнүктөрдү салыштыруу илимий методу аркылуу калыптандыруунун ыкмалары берилди

Полный текст

    Торогельдиева К.М., Кумашова А.А.,
ОЙ-ЖҮГҮРТҮҮНҮН НЕГИЗГИ ЛОГИКАЛЫК АМАЛДАРЫ
Страницы:186-190      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2023-1-186-190

Бул макалада башталгыч класстын окуучуларынын логикалык ойжүгүртүүсүн өстүрүү өз алдынча негизги ой-жүгүртүүнүн амалдарын аткаруунун калыптанышына жана аны өстүрүүгө көз каранды экендиги, негизги ой-жүгүртүүнүн амалдарына анализ, синтез, салыштыруу, аналогия, жалпылоо, абстракциялоо, конкреттештирүү, индукция, дедукция экендиги жөнүндө баяндалат. Ошол сыяктуу эле башталгыч класстын окуучусу өз алдынча же мугалимдин жардамы менен ой-жүгүртүүнүн амалдарын колдонуп, математикалык сүйлөмдөрдүн чындыгын табышат жана жыйынтыктарды чыгарышат. Ой-жүгүртүүнүн амалдары окутууда эң чоң ролду ойнойт. Негизги логикалык амалдарды билүү окуучулардын акыл-ой өнүгүүсүнө алып келет жана алар өз алдынча иштөө көндүмдөрүнө ээ болушат. Демек, логикалык амалдарды билүү жана колдонууга карата түзүлгөн атайын көнүгүүлөр башталгыч класстын окуучуларынын логикалык ой-жүгүртүүсүн өстүрөт деген тыянакка келебиз.

Полный текст

    Торогельдиева К.М.,
«КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮСҮНƟ ЭМГЕК СИҢИРГЕН КЫЗМАТКЕР», ПЕДАГОГИКА ИЛИМИНИН ДОКТОРУ, ПРОФЕССОР Ж.У. БАЙСАЛОВДУН ИЛИМИЙ ПЕДАГОГИКАЛЫК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ
Страницы:373-376      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/2-373-376

Бул макалада «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнɵ эмгек сиңирген кызматкер», педагогика илиминин доктору, профессор Ж.У.Байсалов илимий педагогикалык эмгек жолу каралды. Ж.У. Байсаловдун «ЖОЖдордо студент-математиктерди методикалык даярдоодо модулдук окутууну түзүүнүн жана колдонуунун илимий методикалык негиздери» доктордук диссертациясынын теориялык жана практикалык мааниси чоӊ. Ал жалпы педагогика жана дидактика илиминин бүгүнкү күндѳгү кѳптѳгѳн кыргыз ѳкүлдѳрүн тарбиялап үлгүрдү.

Полный текст

    Торогельдиева К.М., Ажиматова Э.Ж., Касымбекова Н.Э.,
БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА МАТЕМАТИКА МУГАЛИМИН ДАЯРДОО
Страницы:476-486      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/2-476-486

Бул макалада математика менен билимди айкалыштыруу ыкмасы баяндалат «Жогорку математикага» мүнөздүү тарбиялык-психологиялык аспектилерди өнүктүрүүгө негизделген мугалимдерди даярдоонун компоненттери. Бул концепцияга алып келет башталгыч математиканын формалдуу эмес, проблемалык жана процесске багытталган презентациялары. Өлкөбүздө билим берүүнү модернизациялоонун негизги багыттарынын бири коомдун талабына ылайык чыгармачыл, өнүккөн көз карашы бар билимдүү жана муундарды тарбиялоо. Андыктан, кесиптик жактан алдыңкы деңгээлдеги мугалимдерди даярдап чыгаруу учурдагы билим берүү системасынын эң негизги максаттарынан болуп саналат. Жогорку окуу жайларында кесиптик даярдоодо студент математиктер өзүнүн педагогикалык ишмердүүлүгүндө маалыматтык технологияны колдонуу боюнча билим, билгичтиктерге жана көндүмдөргө ээ болушу зарыл. Студенттер математиканы окуу процессинде маалыматтык компетенттүүлүккө ээ болуусу зарыл. Компетенттүүлүк бул билим алуучулардын билимдерин, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн өз алдынча колдонууга болгон интегративдик жөндөмдүүлүгү. Маалыматтык компетенттүү математика мугалими – сабакты эффективдүү жүргүзүү үчүн билими жана иш тажрыйбасы бар, өз кесибинде маалыматтык технологияларды колдоно алган мугалим. Маселелерди чыгарууда колдонуу маалыматтык компетенттүүлүк эң чоң мааниге ээ. Себеби маселелерди чыгаруу менен мектеп курсундагы математиканы кайталоо менен бирге эле керектүү билим базасын бекемдөөгө болот. Мисалы, айыл жеринде окуучулар ата-энесине жардам берип өндүргөн продукциясын сатууга катышышат. Телевизордон буюмдун n процентке арзандаганын көрүп-билип жүрүшөт. Мына ошонун өзү эле процент, бир белгисиздүү сызыктуу теңдемелер, эки белгисиздүү биринчи даражадагы теңдемелр системасы менен чыгарылуучу маселелерди түзүүгө алып келет. Ошондуктан математика мугалими болуучу студенттерге ушул багыттагы маселерди чыгартуу бир топ натыйжалуу болот. Студенттер аз убакытта көп маселелерди чыгарууга жетишүүсү үчүн маселенин берилишин жана анын чыгарылыш алгоритминин текст түрүндөгү жазылышын тексттик редактордо даярдап сабакта колдонуусу керек. Сабакта колдонулуучу бул окуу материал ар бир студентте болушу үчүн окутуучу компьютердик байланышты колдоно билүүсү зарыл. Окутуучу студенттерди окутууда офистик программаларды жана прикладдык программаларды пайдаланса алардын маалыматтык компетенттүүлүгү өнүгөөрү көп жылдык тажрыйба көрсөтүү менен аяктайт.

Полный текст

    Торогельдиева К.М., Касымбекова Н.Э., Кубанычбек к.Н.,
МАТЕМАТИКАНЫ ОКУТУУДА SMART БИЛИМ БЕРҮҮ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ
Страницы:469-476      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/2-469-476

Бул макалада SMART билим берүү жана анын максаттары, SMART технологиялары түшүнүктөрү каралат. SMART билим берүүнү өнүктүрүүдө SMART технологияларын колдонуп, педагогикалык колледждин студенттерине математиканы окутуу маселелери талкууланат. Геометриялык түшүнүктөрдү окутууда SMART-досканы пайдалануу жана анын болочоктогу педагогдорду кесипке багыттоодогу орду белгиленди. Бул белгилүү акылдуу түшүнүк болгон. Бул макалада дүйнөнүн көйгөйлөрүн чечүүчү жана китептин мазмунунан интерактивдүү мазмунга өтүүнү камсыз кылган акылдуу концепция сунушталат. Интернет-технологиялар көптөн бери колдонулуп келе жатат жана технологияларды жекелештирип, билимди калыптандырууга багыттаса болот. «Акылдуу» смарттехнологиялары кыргызстандын илимий, акылдуу экономикасына кошулуп, жогорку квалификациялуу кадрлар программасына акылдуу үйлөр, кеңселер, өнөр жай объектилери жана башкалар колдонулат. Мамлекеттик билим берүү тармагын башкаруу бул мугалимдер жана билим берүү кызматкерлери боюнча активдүү иш алып барышат. Бул көйгөй экономиканын талабы жана өмүр бою эмгек чеберчилигин жогорулатуу менен калат. Интернетке эркин кирүү функциясы өнүгүүнүн келечектүү багыттарынын бири болуп саналат. Билим берүү тармагында чоң экрандуу сыналгыдан видеону даана көрүп эле тим болбостон, Google кызматтары видеолорду көрүүгө мүмкүндүк берет, YouTube жана Google кызматтарын, интернетти карап чыгуу үчүн веб-браузерлерди, социалдык тармактык тиркемелерди, SMART түзмөктөрүн өз алдынча башкаруу жана үйрөнүү үчүн колдонсо болот. Биздин текчелер смартфондорду, планшеттик компьютерлерди, нетбуктарды, электрондук китептерди, смартбуктарды тез башкарууга жана сабакка керектүү материалдарды тез жана оңой алууга ылайыкталган. Бул мугалимге сабак өтүүдө толук билим алууга жардам берген бирден-бир көмөкчү. Интернет тармактары жөнөкөй күнүмдүк жашоого айланып, маалыматтык технологиялар адам жашоосундагы эң маанилүү нерселердин бирине айланды. Кыргызстанда мүмкүн болушунча технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууда. Адам үйүндө отуруп эле илимий изилдөө жана чыгармачылык менен алектене алат. 

Полный текст