Бакирова Н. А.
БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН ОКУУ КИТЕПТЕРИНДЕ МАКАЛДАРДЫН БЕРИЛИШИ
Бул макалада башталгыч класстардын окуу китептеринде макалдардын берилиши,макалдардын окуучулардын сөз байлыгын, таалим-тарбия, билим берүүдөгү орду, ролу тууралуу маселелерди иликтөөгө аракеттер жасалды. Сөз байлыгы – бул адам маанисин билип, өз кебинде колдонгон сөздөрдүн топтому. Фольклордун дидактикалык табияты тууралуу айтылган аныктама-түшүндүрмөлөрдү кыргыз тили сабагында терең өздөштүрүп, орундуу жана натыйжалуу колдонуу зарыл деп эсептейбиз.
БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫНЫН СӨЗ БАЙЛЫГЫН ӨСТҮРҮҮДӨ МАКАЛДАРДЫН ОРДУ
Бул макалада макал-ылакаптардын, накыл кептердин окуучулардын сөз байлыгын, аң-сезимин өстүрүүдөгү, тарбия, билим берүүдөгү орду, ролу тууралуу маселелерди иликтөөгө аракеттер жасалды. Баарыбызга белгилүү болгондой, макал-ылакаптардын, накыл кептердин эзелтеден бери эле тарбиялык мааниси зор, эстеп калууга жеңил жана грамматикалык жактан ийкемдүү болгондуктан, тил үйрөнүүдө, окуучулардын сөз байлыгын өстүрүүдө аларды орду менен колдонуу жакшы натыйжаларды берет.