Ормонова С. .

    Ормонова С...,
АКЫНДАР АЙТЫШЫНДАГЫ САТИРА ЖАНА ЮМОРДУН БЕРИЛИШИ
Страницы:55-62      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2021-2-55-62

Бул макалада кыргыз айтыштарындагы сатира жана юмордун кандай деңгээлде берилгендиги жөнүндө сөз болот. Акындар айтышында уникалдуулук, спецификалуулук, индивидуалдуулук, чыгармачылык дарамет, чечендик талант ж. б. бири- бири менен тыгыз байланышта экендиги каралган. Ушул өзгөчөлүктөр акындар айтышында сатира жана юмордун кеңири, ачык – айкын кээ бир убактарда курч мүнөздө берилиши менен айырмаланат. Сатира жана юмор өзгөчө тамаша, кордоо айтыштарында, ар башка уруулар же аймактардын өкүлдөрүнүн ортосундагы болгон айтыштарда көп. Тамашага салуу менен кимдир-бирөөнүн терс жактарын, кылык-жоруктарын катуу сындап эл астында шылдыңга салып аны ыңгайсыз абалга калтырган айтыштар көп эле кездешкен. Мисалы, “Токтогул менен Эшмамбеттин эшенге ырдаганы” ж.б. айтыштар. Санат, терме, алым-сабак, табышмак, учурашуу, коштошуу, кордоо, мактоо, тамаша жана башка ушул сыяктуу тематикада аткарылган акындардын айтыштары сатиралык, юмордук элементтерге өтө бай.

Полный текст

    Ормонова С...,
XIX КЫЛЫМДЫН АЯГЫ XX КЫЛЫМДЫН БАШЫНДАГЫ АЙТЫШТАРДЫН САТИРАЛЫК МҮНӨЗҮ
Страницы:62-67      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2021-2-62-67

Бул макалада XIX кылымдын аягы ХХ кылымдын башында адабиятчылардын эмгектеринде “классикалык доор” аталган мезгилдеги Калыгул Бай уулу, Арстанбек Буйлаш уулу, Молдо Кылыч, Токтогул Сатылганов, Тоголок Молдо ж.б. акындардын айтыштарына токтолдук. Бул доордогу акындардын айтышында учурашуу, коштошуу, алым- сабак, мактоо, кордоо, тамаша жана башка ушул сыяктуу тематикаларда аткарылган сатиралык, юмордук элементтер кездешет. Классикалык доордун акындары өз мезгилинин актуалдуу маселелерин, эл үчүн маанилүү, таасирдүү ой-пикирлерин санат, насаат, терме, табышмак айтыштарда гана эмес тамашалуу сатиралык нуктагы айтыштарда каймана, какшык түрүндө билдире алышкан. Сатиралык мүнөздө аткарылган айтыштарда какшыктоо, кордоо, кемсинтүүдөн башка да көп кездешкен ыкмалардын бири салыштыруу болуп эсептелет. Акындардын бири-бирин кордоп айтышкан учурлары аталган классикалык доордо өтө көп кездешет жана бул ошол мезгилдин саясий-социалдык өзгөчөлүктөрү менен байланышта болгону талашсыз.

Полный текст