Талиева Камила Абдыразаковна
«АЛПАМЫШ» ЭПОСУНДАГЫ ҮЙЛӨНҮҮ МОТИВИНИН ТРАДИЦИЯЛУУ СЮЖЕТТИК ӨЗӨГҮ ЖАНА МОТИВИНИН КОМПОЗИЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШҮ
Макалада объектиге алынып изилденип жаткан маселе түрк тилдүү элдердин баатырдык эпостору жана бул элдерге орток болгон «Алпамыш» версиясынын алкагында каралып жаткан үйлөнүү мотивине байланыштуу традициялуу сюжеттик өзөк жана анын композициялык түзүлүшү боюнча кеңири сөз болот. Макалада бир кездердеги этникалык карым-катнаш, байланыш, көчмөнчүлүк коом, байыркы феодалдык доор мезгилдеринде уруулар кимиси, кайсы аймакты ээлеп, ээлик кыла баштаган мезгилде оозеки тараган эпос, ошол аймактардын географиялык аталышы менен берилиши ыктымал болуу керек.
ЭЛДИК ООЗЕКИ ЧЫГАРМАЛАРДАГЫ ЖАР ТАНДОО
Макалада элдик оозеки чыгармалардагы жар тандоо жана үйлөнүү мотивиндеги каада-салт жөрөлгөлөрү «Манаста», «Семетейде», «Эр Төштүктө» жана башка элдик оозеки чыгармаларда салттык насилдин толук маанисинде кенен чагылдырылган жана бул алкакта сөз кылууда баатырдык эпостордогу үйлөнүү мотивинин элдик каада-салт 38 жөрөлгөлөрү менен болгон байланышына анализ жасалган. Баатырдын кыз тандоосу, жуучу түшүү, калың бычуу, кудалашуу, калың берүү, кыз узатуу, кыз жигит оюну, сеп берүү, узатуу өңдүү – баскычтарын кароого аракеттендик.