#2, 2024

ФИЛОЛОГИЯ

    Абдыкалыкова А.А.,
КАСЫМ ТЫНЫСТАН УУЛУНУН “ОРТО МЕКТЕПТЕР ҮЧҮН КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ПРОГРАММАСЫ”
Страницы:207-215      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/1-207-215

Бул илимий макалада кыргыз тилинин, кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, кыргыз тилинин нормативдик грамматикасын негиздеген, кыргыз тилинин программасын түзгөн, биринчи “кызыл” профессор Касым Тыныстан уулунун “Орто мектептер үчүн кыргыз тилинин программасы” (1937) тууралуу сөз болмокчу. Программанын түшүндүрмөсүндө программа окуучуларга мурун белгисиз маалыматтарды берүү менен катар, өткөн жылдардагы алынган билимдерди бышыктоого, тереңдетүүгө жана жалпылоого арналгандыгы айтылган. Ошону менен катар мугалимге программадагы кайсы материал, кайсы тема кандайча түшүндүрүлүшү керектиги көрсөтүлөт. Ошондой эле адабий тил менен диалектилер, алардын жакындашып келе жатканы; имланын, жалпы басма сөздүн бул жөнүндөгү ролдору, кыргыздын адабий тилинин негизги тамырлары: кыргыздын жандуу речи (элдин жандуу речи), араб-иран тилинин калдыктары жана орус тили менен дагы ошол аркылуу кирип жаткан сөз байлыктары, тилдин таптык мүнөзү, мааниси, жат сөздөрдүн урунуудан чыгып жатканы, жаңы кирген сөздөр, маанисин жаңыга которуп жаткан сөздөр ж.б. тууралуу берилген.

Полный текст

    Абдыкалыкова А.А., Буранова Г.М.,
ТАТААЛДАШКАН СҮЙЛӨМДӨРДҮН ГРАММАТИКАЛЫК ТАБИЯТЫ
Страницы:215-225      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/1-215-225

Бул илимий макалада кыргыз тилинде, кыргыз тил илиминде сүйлөм, анын ичинде татаалдашкан сүйлөмдөрдүн изилдениши, алардын структура-семантикалык, грамматикалык жактан жасалышын териштирүүгө аракеттер жасалды. Татаалдашкан сүйлөм маселеси түрк тилдеринин айрымдарында атайын максат менен гана изилденбестен, анын тигил же бул проблемалары көрүнүктүү түркологдор тарабынан да талдоого алынып келгендиги баса белгиленди. Татаалдашкан сүйлөм менен кадимки жөнөкөй сүйлөмдөр өз ара айкындооч мүчөлөрүнүн синтаксистик түзүлүшү, синтаксистик катыштарынын мүнөзү, башкача айтканда, предикативдүүлүктүн берилиши, синтаксистик байланыштын түрлөрү боюнча, сүйлөмдүн түзүлүшүнүн формалык каражаттары аркылуу жана интонациялык жактан айырмаланары аныкталды.

Жыйынтыктап айтканда, татаалдашкан сүйлөмдөрдү тиги же бул грамматикалык касиеттерине карата топторго бөлүштүрүү аркылуу анын компоненттеринин ортосундагы байланыштарды так аныктоого болот. 

Полный текст

    Акылбекова М.Н.,
ТУРИСТТИК ЖАРНАМАНЫН ЛИНГВИСТИКАЛЫК ЖАНА МАДАНИЙ АСПЕКТИСИ
Страницы:225-232      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/1-225-232

Бул макалада туристтик жарнаманын лексика-стилистикалык өзгөчөлүктөрү эки "Tahoevision" жана "Routehappy"сайттарынын материалында каралат. Макаланын негизги максаты англис тилдүү, жарнамада колдонулган көркөм каражаттарды изилдөө болуп саналат. Макалада саякат сайттарында конкреттүү мисалдары келтирилген, ошондой эле түстүү образды түзүүгө жардам берген, адамдарга таасир этүү ыкмалары баяндалган. Бул багыт туристтик компаниялардын товарларын жана кызматтарын натыйжалуу илгерилетүүнү камсыз кылган тилдик стратегияларды карап чыгуу менен толукталат. Тандалган теманын актуалдуулугу, жарнактын тилин талдоого арналган көптөгөн эмгектерге карабастан, туристтик дискурс лингвомаданияты комплекстүү изилдөөгө дуушар болбогондугу менен аныкталат, ал жарнамаланган товарлар жөнүндө гана эмес, жалпысынан лингвомаданий кырдаалдарын, коомдо өкүм сүргөн стереотиптер жана баалуулуктар жөнүндө көп нерсени айта алат.

Полный текст

    Богинская Л.Н., Абдыгазиева Н.К.,
РАЗВИТИЕ КОММУНИКАТИВНОЙ АКТИВНОСТИ У МЛАДШИХ ШКОЛЬНИКОВ НА УРОКАХ РУССКОГО ЯЗЫКА
Страницы:232-237      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/1-232-237

В данной статье рассмотрены особенности развития коммуникативных умений и навыков у детей младшего школьного возраста. Подчёркивается, что эта проблема находится в центре внимания многих психологов и педагогов. Она является одной из актуальных в настоящее время. Отмечается, что младший школьный возраст – самый ответственный этап в развитии, так как именно здесь закладывается фундамент нравственности, происходит формирование социальных установок, отношения к самому себе, к другим людям, к обществу, развивается коммуникативное умение. Подчеркивается, что важной задачей начальных классов является обучение школьников выражению собственных мыслей.

В соответствии с новыми требованиями ГОС именно развитие коммуникативных универсальных учебных действий необходимо для успешной социализации ребенка в современном обществе.

Коммуникативная активность – это умения непосредственной и опосредованной межличностной коммуникации, умения общения. Коммуникативная компетентность – это умение ставить и решать многообразные коммуникативные задачи, способность устанавливать и поддерживать контакты с другими людьми, умение определять цели.

Полный текст

    Кабылова А.А.,
РАЗВИТИЕ КОМПЕТЕНЦИЙ (ПЕДАГОГИЧЕСКОЕ МАСТЕРСТВО, ПЕДАГОГИЧЕСКАЯ ИМПРОВИЗАЦИЯ) УЧИТЕЛЯ АНГЛИЙСКОГО ЯЗЫКА НА ОСНОВЕ ПРИМЕНЕНИЯ НОВЫХ ПЕДАГОГИЧЕСКИХ ТЕХНОЛОГИЙ
Страницы:237-244      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/1-237-244

В данной статье рассматривается важность развития педагогического мастерства и педагогической импровизации в контексте применения новых педагогических технологий.  Она анализирует, как современные методики и инструменты обучения требуют от преподавателей гибкости и творческого подхода к обучению. В условиях быстро меняющегося мира и развития информационных технологий, новые педагогические технологии становятся   незаменимым   инструментом   для   повышения   качества образования. Современная педагогика требует от учителей английского языка постоянного развития и совершенствования своих компетенций. В статье обсуждаются принципы педагогической импровизации, включая способы адаптации к изменяющимся обстоятельством и потребностям учащихся. Авторы подчеркивают важность постоянного профессионального развития педагогов для успешной интеграции новых технологий в образовательный процесс. В статье также рассматриваются вызовы, с которыми сталкиваются преподаватели при внедрении новых технологий, и предлагаются стратегии и ресурсы для их преодоления.

Полный текст

    Рысбек к.Г.,
Ш.КАДЫРОВАНЫН КЫРГЫЗ ФОНЕТИКАСЫНА КИРГИЗГЕН САЛЫМЫ
Страницы:244-251      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/1-244-251

Макалада Ш.Кадырованын кыргыз фонетикасынына кошкон салымы, кыргыз фонетикасынын кыскача тарыхы, Ш.Кадырованын кыскача өмүр баяны, тектеш эмес англис жана кыргыз тилдеринин окшоштуктары жана айырмачылыктары, англис тилин өздөштүрүүдө кыргыз окуучусунун кетирген каталары каралат. Ш.Кадырованын фонетика илиминде 1988-жылы «Азыркы кыргыз адабий тилиндеги сонанттарды эксперименттик-констративдик ыкма менен изилдөө» деген темада Т. К. Ахматовдун жетекчилиги астында кандидаттык диссертациясын коргошу, 2018-ж Ж. Сыдыковдун жетекчилиги астында «Англис, кыргыз тилдеринин фонетика-фонологиялык жана фоностилистикалык системаларын эксперименттик жана констративдик изилдөө» деген темада докторлук диссертациясын жакташы абдан маанилүү болгон. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор, окумуштуу-тилчи Ш. Кадырова англис жана кыргыз тилиндеги тыбыштык системаларды изилдөө менен тил илиминде чоң, пайдалуу эмгектерин жараткан. Ш. Кадырова тарабынан англис тилиндеги түшүндүрмө эки тилдүү сөздүктөрдөн 132000 лексикалык сөз талданган. Алардын ичинен 11 331 сөз айтылыш жактан көп варианттуу. Сөздүктүн фоностилистикалык материалдары белгилүү лингвист Д.Э. Розенталдын “Радио жана теле берүү кызматкерлери үчүн басымдар сөздүгүнүн”(1984) материалдары менен салыштырылып текшерилген. Бул салыштыруунун жыйынтыгында азыркы англисче жана кыргызча сөздүктөрдө тил бирдиктеринин стилистикалык көркөмдүгүн сыпаттоодогу карама- каршылыктар аныкталып, белгиленген. Окумуштуу тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнүн жүрүшүндө стилистикалык көркөмдүктүн фонетикалык каражаттары катары сөздүн тыбыштык курамы, басымдын орду, интонациянын өзгөрүшү жана алардын коннотативдик деңгээлдери каралып, эксперименттин ар бир этаптарында студиялык шартта кыргыз окуучулары тарабынан окулган 350 сөз жана 50 текст магниттик тасмага жаздырылган. Мындан сырткары эксперименттик материалдар нагыз англисче сүйлөөчүлөр тарабынан Лондондун Сарри университетинде жана Ленинград мамлекеттик университетинде (1987, 1991) жазылган. Кыргызча- англисче фонетикалык интерференцияны иликтөө боюнча эксперимент 1992- 1996 жана 2015-жылдары И. Арабаев атындагы КМУнун чет тилдер факультетинде жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда жүргүзүлгөн.

Полный текст

    Сон А...,
THE ROLE OF THE LINGUOCOUNTRY ASPECT IN TEACHING FOREIGN LANGUAGES
Страницы:251-258      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/1-251-258

The article examines the goal, key function of the linguocountry aspect and its role in learning a foreign language. Linguocountry studies, unlike regional studies, has its own research material, reflecting not only the culture, history, geography of the country of the language being studied, but also contains knowledge about linguistic fact, and allows students to understand the nationally historical features of this fact, characteristic of a different linguocountry community. Language, in turn, is a source of information to the culture of the country of the language being studied, its traditions, history, and geography. The inclusion of linguocountry studies materials in teaching a foreign language contributes to the development of linguistic skills (vocabulary enrichment, development of translation skills, ability to work with stable combinations), and also introduces the student to certain aspects of foreign language culture (country history, politics and economics, traditions, art). This aspect contains certain linguistic and cultural knowledge. In addition, it includes knowledge about speech and non-speech behavior. The content of this aspect can be considered all linguocountry material that carries pedagogical value, promotes the learning of communication skills in a foreign language and introduces the country of this language to the culture. The use of the linguocountry aspect contributes to the formation of learning motivation. The article also discusses some problems of the linguistic and regional aspect.

Полный текст

    Темирбекова А.Т.,
КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ТУУГАНДЫК АТАЛЫШТАРГА ЛИНГВОМАДАНИЙ ИЗИЛДӨӨ
Страницы:258-264      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/1-258-264

Бул макалада туугандык аталыштардын негизги мүнөздөмөсү берилген. Үй-бүлө институту кыргыздар үчүн инсандын инсан катары өнүгүүсүнүн ыйык жайы жана улуттук маданияттын көрсөткүчү. Элдик жакшы салттарда балалуу болуп, урпактарды тарбиялоо, жалпы элдин алдында татыктуу муундарды тарбиялоо – ата-эненин миссиясы. Тууганчылык мамиле бул – ата-эне менен баланын, ата-баба менен анын урук-тукумунун жана теги бир адамдардын ортосундагы өз-ара байланыш. Кыргыз тилинде тууганчылык терминология кеңири өнүккөн жана жыш колдонулат. Салттуу кыргыз коомунда тууганчылык мамилелер чоң роль ойноп, тилде чагылдырылган. Башка көптөгөн маданияттардай эле кыргыз тилинде да жынысына жараша туугандарга карата ар кандай терминдер бар. Маселен, “ата” – ата, “эне” – эне дегенди түшүндүрүп, улууларды урматтоого өзгөчө көңүл бурулат. Улуу муундун тууган-уруктары сыяктуу эле ага-эжелер үчүн да атайын терминдер бар. Кыргыздар көбүнчө үй-бүлөнүн салттуу формаларын, анын ичинде чоң үй-бүлөнү сыйлашат. Демек, көп терминдер ата-энеге, балдарга гана эмес, алыскы туугандарга да тиешелүү. Кыргыздарда туугандык мамилелердин контекстке жана жакындык деңгээлине жараша формалдуу жана формалдуу эмес терминдери бар. Жалпысынан бул макалада кыргыз элинин салттуу баалуулуктарын, улуу муундарга болгон сый-урматын, бекем үй-бүлөлүк байланышты чагылдырган туугандык аттары талдоого алынган.

Полный текст

    Чомокеева К.У., Рысова Г.Т.,
ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДА СТУДЕНТТЕРДИ АНГЛИС ТИЛИН ОКУТУУДА СТОРИТЕЛЛИНГ ЫКМАСЫН КОЛДОНУУ
Страницы:264-270      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/1-264-270

Беренеде storytelling ыкмасын бакалавр студенттери кептик коммуникативдүүлүктү, туура сүйлөшүүнү окутууда колдонуу каралат. Бул жерде көрсөтүлгөндөй ыкма пикир алмашуу кырдаалын түзүүдө жардам берет. Ошондой эле студенттин өздүк тажрыйбасына кайрылууга шарт түзөт.  Беренеде айтып берүүнүн эффективдүү критерийлери белгиленип, тарыхы жана сторителлинг ыкмасын колдонуу   ишаракети этап   боюнча бааланып турат. Айтып   берүү менен чектелген монологдун   сүйлөшүүдөн сырткары, өзгөчө   көнүл коммуникативдик кырдаалга да бөлүнөт.   Мындай кырдаал дискуссия учурунда же пикир алмашууда келип чыгат.

Коомдун билим берүү ыкмаларын тынымсыз өркүндөтүүгө болгон заманбап талабы окуучулардын ар кандай факторлорун жана керектөөлөрүн эске алууну камтыйт. Окуучулардын ар кандай деңгээлине жана курагына ылайыктуу универсалдуу ыкма: ал критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрөт, командада иштөө жана маданияттар аралык коммуникация көндүмдөрүн жакшыртат, мотивация берет, ошондой эле мугалимге татаал материалды окуучулар үчүн кызыктуу жана жеткиликтүү түшүндүрүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары аңгеме окуучулардын төрт түрүн: угуу, сүйлөө, окуу, жазууну ар тараптуу өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Полный текст

    Шамшиева Ф.А.,
ПРИМЕНЕНИЕ ИНТЕРАКТИВНЫХ МЕТОДОВ ОБУЧЕНИЯ НА УРОКЕ КЫРГЫЗСКОГО ЯЗЫКА В СТАРШИХ ГРУППАХ ДОШКОЛЬНОГО ОБРАЗОВАТЕЛЬНОГО УЧРЕЖДЕНИЯ
Страницы:270-276      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/1-270-276

Данная статья рассматривает применение интерактивных методов обучения на уроках кыргызского языка в старших группах дошкольных учреждений. Описываются различные методы, такие как игровая деятельность, использование мультимедийных технологий, ролевые игры и групповые задания, а также подчеркивается важность индивидуального подхода к каждому ребенку и сотрудничества с родителями.        Статья также обсуждает необходимость материально-технической поддержки, дальнейших исследований в этой области и поддержки со стороны общества.
Авторы анализируют практические методы использования интерактивных форм обучения, таких как игры, пальчиковые игры, ролевые игры, коллективное обсуждение, и другие, для эффективного обучения кыргызскому языку. Особое внимание уделяется организации уроков, способам привлечения внимания детей, созданию интерактивной образовательной среды и использованию различных учебных материалов.

Результаты исследования подтверждают, что использование интерактивных методов обучения на уроках кыргызского языка способствует более эффективному обучению, активизирует языковое развитие детей, развивает их коммуникативные способности, социальные навыки и интерес к изучению родного языка.

Статья может быть полезна для педагогов дошкольного образования, которые заинтересованы в разработке интерактивных уроков кыргызского языка, способных сделать обучение более интересным, разнообразным и эффективным для дошкольников.

Полный текст

    Эргешбаева Н.А., Каныбекова А...,
PREPOSITIONS IN THE ENGLISH LANGUAGE AND THEIR EQUIVALENTS IN THE KYRGYZ LANGUAGE
Страницы:276-284      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/1-276-284

This article delves into the comparative analysis of prepositions in English and their counterparts, postpositions, in the Kyrgyz language. Through a comparative-typological approach, it explores the semantic and grammatical equivalences between these two linguistic systems. The research identifies the theoretical and practical significance of filling the existing gap in English-Kyrgyz linguistics, offering a valuable resource for language educators and learners. Particular attention is given to spatial and directional prepositions/postpositions, highlighting the intricate interplay between linguistic forms and cultural cognition. As a result of the theoretical and review analysis of the literature devoted to the study of the categories of English prepositions in comparison with their Kyrgyz equivalents, it was established that in the Kyrgyz language the categories of prepositions correspond to suffixes, function words, affixes to the root.

The study emphasizes the importance of understanding prepositional usage not only as a linguistic phenomenon but also as a means of fostering cross-cultural communication and comprehension.

Полный текст