Акжолтоева Р. .

    Кармышова У.Ж., Нурманбетова А.Т., Акжолтоева Р...,
ЭТНОБОТАНИКАЛЫК ЫКМАНЫН БОТАНИКАДАН ОКУУ-ТАЛАА ПРАКТИКАСЫНДА РОЛУ
Страницы:82-89      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2023-2-82-89

Макалада, Ботаникадан окуу-талаа практикасында этноботаникалык ыкманы “Өсүмдүктөрдү аныктоо чыйыры” колдонуу менен, өсүмдүктөрдүн жергиликтүү аталышын кароо, талдоо каралды. Ботаникадан окуу-талаа практикасын өткөрүүдө “Өсүмдүктү аныктоо чыйыры” этноботаникалык ыкманы колдонуу менен өсүмдүктөрдүн элдик аталышын, илимий аталыштары менен бышыктоо эффективдүү болуп саналат. Студенттер өсүмдүктөрдүн аймактарда аталышы дал келбеген учурларда, кызуу талкуу жүргүзүшөт

Полный текст

    Сейитова М.У., Акжолтоева Р...,
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮН АБАЛЫ ЖАНА АДАМДАРДЫН ДЕН-СООЛУГУНА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ
Страницы:145-148      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2023-2-145-148

Айлана-чөйрөнүн абалы,адамдардын ден-соолугуна тийгизген таасири азыркы коомдогу жана социалдык факторлорунун комплекстүү таасири. Калктын ден соолугу - бул ар кандай экологиялык факторлордон көз каранды. Коомдогу калктын ден- соолугунун бир канча көрсөткүчтөрү бар. Ден-соолуктун социалдык факторлору коомдук саламаттык сактоонун маанилүү негизги милдеттеринин бири. Социалдык-экономикалык шарттар. Климаттык факторлордун адамдардын күнүмдүк жашоосуна болгон таасири. 

Полный текст

    Шалпыков К.Т., Биймырсаева А.К., Акжолтоева Р...,
ПОКАЗАТЕЛИ ВОДОУДЕРЖИВАЮЩЕЙ СПОСОБНОСТИ РАЗЛИЧНЫХ СОРТОВ СОИ (GLYCINE MAX. (L.) MERR.) В УСЛОВИЯХ ЧУЙСКОЙ ДОЛИНЫ
Страницы:202-206      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2023-2-202-206

В условиях Чуйской долины осуществлен анализ водоудерживающей способности листьев сортов сои. Результаты анализов водоудерживающей способности показали, что скорость потери воды листьями разных сортов сои в период всей вегетации колеблется в широких диапазонах. Это связано, в первую очередь, с физиологическими процессами в листьях изучаемых сортов. Исследование дает обосновать тот факт, что в течение вегетационного периода и дня все пять сортов сои устойчивы к природно-климатическим условиям засухи как в почве, так и в атмосфере.

Полный текст

    Сеитова М.У., Токталиева Г.Р., Акжолтоева Р...,
АЛАЙ ТООСУНУН ТҮНДҮК КАПТАЛЫНДАГЫ АЙРЫМ ӨСҮМДҮКТӨРДҮН ТҮРЛӨРҮНҮН ЭКОЛОГИЯЛЫК МААНИСИ
Страницы:100-109      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-100-109

Макала Алай кырка тоосунун түндүк капталынын флорасынын кээ бир орчундуу маселелерин изилдөөгө арналган. Борбордук Азияда жайгашкан Памир тоо кыркалары дүйнөдөгү эң бийик жана эң татаал тоолордун бири. Памир-Алай кырка тоосунун флорасынын уникалдуулугу, алардын морфологиялык өзгөчөлүктөрү ошол аймактын табигый-климаттык шарттары менен тыгыз байланышта. Өсүмдүктөрдүн бүт түрү, тукум жана уруусу тарыхый жактан ушул аймакта калыптанган. Макалада ошондой эле аймактын экосистемасында маанилүү роль ойногон бийик тоолуу аймактардын шарттары, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн зоналык дифференциациясы каралат.

 Алай кырка тоосунун флорасы ботаникалык жана географиялык жактан аз изилденген. Кыргызстандын тоо кыркаларында өсүмдүк катмарынын таралышынын жалпыланган аныктамалары бар, бирок ошол эле учурда айрым аймактардын, анын ичинде Алай кырка тоосунун ландшафттык тилкелерин дифференциалдуу изилдөө илимдин эң актуалдуу проблемаларынын бири бойдон калууда.

Полный текст

    Сапарбаева У.Ч., Акжолтоева Р..., Эргешалиева Б.Н.,
СТУДЕНТТИК ГРУППАНЫН КУРАТОРУНУН ЖОЖДУН ТАРБИЯ ИШТЕРИНДЕГИ РОЛУ
Страницы:354-363      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-354-363

Бул макалада И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттик группасына кураторлук кылуудагы өздүк тажрыйбалар, студенттер менен ар түрдүү багыттагы тыгыз байланыштар жана куратор аткарган кызматтын түрлөрү, анын практикадагы эффективдүүлүгү чагылдырылган.  Замандын талабына ылайык жогорку окуу жайларында куратордун иштериндеги инновациялык иш-аракеттерди жаңы көз карашта алып баруу, куратордун функциясынын түрлөрү, анын укуктары жана милдеттери, аткарган иштери боюнча жазылган отчеттор берилген. Ошондой эле студенттердин акыл-ой жүгүртүүсү, түшүнүгү, өзүн алып жүрүүсү, окуудагы жетишкендиктери жана коомдогу жүрүм-турум, этикеттер боюнча алынган анкеталардын мисалдары көрсөтүлгөн. Студенттердин кесиптик компетенттүүлүктөрүн, жогорку окуу жайдын көп функционалдуу тарбиялоо чөйрөсүндө тарбия жана билим берүү системасынын компоненттеринин өз ара карым-катнашын жакшыртуу маселелери каралган.

Полный текст