Абдухамидова Б. А.

    Абдухамидова Б.А.,
БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН ОКУУ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ТАЛАПТАРЫ, ПЕДАГОГИКАЛЫК ШАРТТАРЫ ЖАНА ОКУРМАНДЫК КЫЗЫГУУЛАРЫН ӨРКҮНДӨТҮҮ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ПРИНЦИПТЕРИ
Страницы:177-184      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2022-4-177-184

Макалада башталгыч класстардын окуучуларынын окурмандык кызыгууларын ойготуунун, көркөм чыгарманы окууга мотивациялоонун, окурмандык компетенттүүлүгүн калыптандыруунун талаптары жана педагогикалык шарттары тууралуу сөз болот. Жалпы дидактикалык принциптер жетекчиликке алынып, алар менен катар адабий окуу сабагында окурманды даярдоо, окууга кызыктыруу ишмердүүлүгүндө да эске алынуучу принциптерге токтолгон. Ар бир принцип мугалимдин ишмердүүлүгүнө жардам берип, анын окурманды тарбиялоо багытында жүргүзүүчү иш-аракеттерин жөнгө салып турары айрым мисалдар аркылуу белгиленет.

Полный текст

    Абдухамидова Б.А., Сабитова Э.С.,
БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТЕРДИН ОКУУЧУЛАРЫНЫН ОКУРМАНДЫК КЫЗЫГУУЛАРЫН АРТТЫРУУДА БАЛДАР КИТЕПТЕРИНИН РОЛУ
Страницы:90-98      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-4-90-98

Балдар китептерин башталгыч мектептерде тигил же бул предметти окутууда пайдалануу окуучулардын ошол предметти мыкты өздөштүрүүсүнө өбөлгө түзөт жана окурмандык ишмердүүлүгүн калыптандырууда зор роль ойнойт. Ошондуктан, окуу предметине ылайык жазылган окуу китеби менен гана чектелбөө керек. Макалада окуучуларды окууга мотивациялоо үчүн жазылган балдар китептеринин түрлөрү, аларды башка предметтерди өздөштүрүүдө колдонуунун натыйжалуулугу тууралуу сөз болот. Балдар китептеринин түрлөрүнө (электрондук китептер, аудиокитептер, көркөм китептер, декоддоо үчүн китептер, чоң форматтагы китептер, таанып-билүүчүлүк китептери жана башкалар) кыскача мүнөздөмө берилип, аларды окуу процессинде колдонууга карата айрым сабактардын иштелмелеринин болжолдуу үлгүлөрү сунушталды. Бул иштелмелер 1-2-3-4-класстарда колдонууга карата башталгыч класстардын мугалимдерине багыт берет.

Полный текст