Ниязова Н. Д.

    Ниязова Н.Д., Чоров М.Ж.,
ЭКОЛОГИЯ САБАГЫНДА КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ (CLIL) МЕТОДИКАСЫН КОЛДОНУУ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Страницы:276-278      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2022-4-276-278

Макалада жогорку окуу жайларда экология сабагында CLIL технологиясын ишке ашыруу чагылдырылган. Бул тармакта адистешкен ата мекендик жана чет элдик авторлордун эмгектери каралып, негизги терминдер талдоого алынып, негизги төрт компонент аныкталган жана CLIL технологиясын колдонуу менен сабактарды уюштуруунун негизги принциптери көрсөтүлгөн. Дисциплиналар аралык байланыштарды кантип ишке ашыруу жана жогорку адистештирилген дисциплиналарды жана университеттин студенттерин окутууда экологияны кантип интеграциялоо керек деген суроого арналган

Полный текст

    Кырбашова М.Т., Ниязова Н.Д., Замирбек кызы А.З.,
БИОЛОГИЯ САБАГЫНЫН ЖОГОРКУ КАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫНДА КЕСИПТИК ϴЗYН-ϴЗY АНЫКТООСУН КАЛЫПТАНДЫРУУДАГЫ РОЛУ
Страницы:67-75      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2023-3-67-75

Макалада жалпы билим берүү мектебинин жогорку классынын окуучуларынын  кесиптик  өзүн-өзү аныктоосундагы биология сабагынын ролу каралат. Макалада жогорку класстын окуучуларынын кесипти өзүн-өзү аныктоосу  боюнча изилдөө иши сүрөттөлөт. Окуу жылында мектеп биологиясынын  алкагында жогорку класстын окуучуларына биология предметине  багытталган кесиптердин курсу сунушталган Бул изилдөө макаланын авторлоруна жогорку класстарда кесиптик өзүн-өзү аныктоонун педагогикалык шарттарын пландуу  жана системалуу түрдө ишке ашыруу менен окуучулардын кесибин аң-сезимдүү тандоо мүмкүнчүлүгүн түзүүгө болот деген жыйынтыкка келүүгө мүмкүндүк берди.Демек, жогорку класстын окуучуларынын кесиптик өзүн-өзү аныктоосунда  биология сабагынын ролу өтө чоң.

Полный текст

    Ниязова Н.Д., Турдалиева А.Ж.,
ТАШТАНДЫНЫН ЭКИНЧИ ЖАШООСУ (ТИРИЧИЛИК ТАШТАНДЫЛАРЫН КАЙРАДАН ИШТЕТҮҮ)
Страницы:95-100      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-95-100

Бүгүнкү күндө ар бир адамды айлана-чөйрөнүн экологиясы тынчсыздандырууда. Көбүнчө адам күнөөлүү. Ал бир нече ондогон жылдардан кийин биздин башыбызга эмне болорун ойлобойт. Таштандыларды үйдөн алып чыгып, андан кийин эмне болорун ойлогон адамдар аз. Эл таштандыны көмүп же өрттөсө андан арылса болот деп эсептешет, бирок зыяндуу заттар топуракка, дарыя-көлдөргө кирип, ичкен сууну, күйгөндө дем алган абаны ууландырат. Таштандыларды чыгаруу маселеси чечилбестен кала берет. Азыртадан эле ал жаңы экологиялык кырсыктар менен коркутууда. Жогорку окуу жайында Экология предметинен ар түрдүү багытта окуган студенттердин өз алдынча жасаган иштеринен «Таштандынын экинчи жашоосу» аттуу темага көӊүл буруу керек экендигин баса көрсөтөт.

Полный текст

    Чоров М.Ж., Ниязова Н.Д., Мухтарбек кызы Б...,
ЭКОЛОГИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ - АЙЛАНА ЧӨЙРӨНҮ КОРГООНУН БАШАТЫ
Страницы:465-470      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-465-470

Азыркы учурда экология маселеси бүткүл дүйнө эли кечиктирбей чечүүгө тийиш болгон түйүндүүмаслелердин бири. Балдарды жаратылыш аркылуу тарбиялоодо экологиялык түшүнүктөр калыптана баштайт. Жаратылыштын ар түрдүү көрүнүш балдардын көңүлүн эрксизден буруп, кызыкчылыгын арттырып  оюнга, эмгекке,  көркөм   ишмердүүлүккө  шыктандыраары  шексиз.  Ошондой болсо да   бардык эле балдар жаратылыш  менен  өз  ара аралашууда жаратылыш  жөнүндө   туура  түшүнүккө  ээ болуп,  жандуу жана жансыз   жаратылыштын  ортосундагы  өз  ара  байланышты байкай коюшпайт.Ошондуктан жаратылышты көрөбилүүгө мугалимдин же   башка чоң кишилердин жетектөөсүнүн зарылдыгы бар. Жаратылышта балдарды эмне таң  калтырса ошону абдан кароого мүмкүндүк берүү талапка   ылайык.

Полный текст