Байбосова Д. К.

    Мусаева В.И., Байбосова Д.К.,
И. АРАБАЕВДИН ЭТНОПЕДАГОГИКАЛЫК БАГЫТТАГЫ ОКУУ КУРАЛДАРЫНА ТАЯНУУ МЕНЕН ОКУУ ЖАНА ЖАЗУУ ИШМЕРДҮҮЛҮКТӨРҮН ӨНҮКТҮРҮҮ
Страницы:105-109      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2022-4-105-109

Макалада алгачкы агартуучу И. Арабаевдин этнопедагогикалык мазмундагы «Кыргыз алиппеси» окуу китебине таянуу менен биринчи класста алиппени окутууда окуучулардын угуу, сүйлөө, жекече монологдук кебине, айрыкча, сүйлөм түздүрүү, сүйлөмдү сөзгө ажыратуу, сөздү муунга ажыратуу, муунду тыбышка ажыратуу менен так, туура сүйлөө менен бирге эле мезгилде алардын окуу жана жазуу ишмердүүлүгүн калыптандыруу маселеси каралды. 

Полный текст

    Байбосова Д.К.,
КЫРГЫЗ ТИЛИН ЭТНОПЕДАГОГИКАЛЫК НЕГИЗДЕ ОКУТУУДА СТУДЕНТТЕРДИН БИЛИМ, ЫКМА, БИЛГИЧТИКТЕРИН БААЛООНУН ТҮРЛӨРҮ, ТИПТЕРИ ЖАНА ФОРМАЛАРЫ
Страницы:15-21      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2023-3-15-21

Бул макалада жалпы билим берүүчү мекемелерде кыргыз тилин этнопедагогикалык негизде окутуудагы баалоонун түрлөрү, типтери, формалары, баалоонун модели, тестти баалоо, оозеки жоопту баалоо жана жазуу жумуштарынын түрлөрүн баалоонун типтери, түрлөрү, формалары жана  чен-өлчөмдөрү  тууралуу методикалык сунуштар жана  пикирлер баяндалды

Полный текст

    Мусаева В.И., Байбосова Д.К.,
ЭТНОПЕДАГОГИКАЛЫК БАГЫТТАГЫ ЭЛДИК МАКАЛ-ЛАКАПТАРДЫ, НАКЫЛ КЕПТЕРДИ ПАЙДАЛАНУУ МЕНЕН СӨЗДҮК КОРДУ БАЙЫТУУНУН ЫКМАЛАРЫ
Страницы:139-145      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/2-139-145

макалада орто мектепте кенже класстарда кыргыз тилин  окутууда   таалим-тарбиялык маанидеги макал-лакаптарды пайдалануу менен   окуучулардын сөз байлыгын өстүрүү  тууралуу ой-пикирлер сунушталды. Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутууда, айрыкча, лексико-грамматикалык темаларды  окутуу процессинде этнопедагогикалык багыттагы элдик макалдарды дидактикалык окуу материалы катары кеңири пайдалануу аркылуу окуучулардын оозеки жана жазуу кебин, кеп ишмердүүлүгүн байытуунун жол-жоболору камтылды. 

Полный текст