Бакеева Б. З.

    Бакеева Б.З., Анарбай кызы Ж...,
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ БАЛДАРДЫН УКУГУН КОРГООНУН КӨЙГӨЙЛӨРҮ
Страницы:242-247      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-1-242-247

Балдар кунөөсүз, аялуу жана көз каранды, бирок алар бир нерсени билүүгө умтулат, күч-кубатка толуп турат жана көп нерсеге үмүт кылат. Балалык кубанычтын жана тынчтыктын, оюндун окуунун жана өсүп-өнүгүүнүн мезгили болушу керек. Балдардын келечеги гармонияга негизделип, алардын келечеги канчалык кенири болгондугуна жана алардын тажрыйба алгандыгына жараша жашоо-турмушу кыйла толук баалуу болууга тийиш.

  Балдарга учурда социалдык коргоо жетишпей жатат.Эгерде алар даттангысы келсе , добуш укугун берчү жол-жоболор же аспаптар болбойт.Ошол эле маалда тартип коргоо органдарынын жоопкерсиздиги, аракетсиздиги жана сексуалдык зомбулукту жашыруу, көңүлгө албоосу мындай кылмыштардын басымдуу бөлүгүн катталбайт дегенди билдирет.Бул макалада учурдагы Кыргызстандагы балдардын укугун коргоонун көйгөйлөрү, себептери жана аны чечүүнүн жолдору талданды.

Полный текст

    Бакеева Б.З., Тургуналиева А.Ш.,
ҮЙ-БҮЛӨНҮН ТҮЗҮЛҮШҮНҮН УКУКТУК ЧЕНЕМДЕРИ
Страницы:49-56      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-4-49-56

Үй-бүлө коомдун негизги институту болуп саналат жана анын өнүгүшүндө өзгөчө маанилүү ролду ойнойт. Көптөгөн өлкөлөрдөй эле Кыргызстанда үй-бүлө түзүү маселелери мыйзам менен жөнгө салынат. Төмөндөгү макалада, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин нике жана үй-бүлөлүк мамилелердин укуктук негиздерин, ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттеринин негизинде, үй-бүлөнүн түзүлүшүнүн укуктук ченемдери жана алардын азыркы мезгилдеги коомдогу орду талдоого алынган.

Кыргызстандагы үй-бүлө мыйзамдары үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыздайт. Үй-бүлөлүк укуктун негизги жоболорун билүү адамдарга бекем жана бактылуу үй-бүлөлөрдү курууга мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге, Кыргыз коомунун негизин түзгөн үй-бүлө институту, ошол коомго тиешелүү болгон социумдун өнүгүшүндө маанилүү ролду ойнойт. Башка мамлекеттердегидей эле, Кыргызстанда үй-бүлө эле эмес, үй-бүлөө куруу маселелери да мыйзам менен жөнгө салынат. Бул макалада учурдагы Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси нике жана үй-бүлөлүк мамилелердин укуктук негиздерин, ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин аныктайт деп баса жогоруда белгилегендей, Кыргызстанда да ар кандай  негизги үй-бүлө формалары талданды.

Полный текст