Мунапысова Г. Т.

    Аширбаева К.М., Эркинбекова Э.Э., Мунапысова Г.Т.,
МАТЕМАТИКАНЫ ОКУТУУДА КЕНЖЕ ОКУУЧУЛАРДЫН ЛОГИКАЛЫК ОЙ ЖҮГҮРТҮҮСҮН ӨНҮКТҮРҮҮ
Страницы:36-44      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/1-36-44

Макала кенже окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү проблемасына арналып, маселенин учурдагы актуалдуулугу каралган. Анткени кенже окуучулук куракта индукция, дедукция, анализ, синтез, жалпылоо, салыштыруу, классификациялоо сыяктуу логикалык амалдарды аткара билүүнүн фундаменти түптөлүп, ой жүгүртүүнүн интенсивдүү өнүгүшүнө негиз болот. Макалада кенже окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө карата ар түрдүү көнүгүүлөр каралып, өзгөчө текстүү маселелерге көңүл бурулду. Белгилүү болгондой математика сабагында убакыттын көбү маселе чыгарууга жумшалат, анткени кенже окуучулардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүдө текстүү маселелердин ролу зор. Текстүү маселелерди чыгарууга үйрөтүү методикасын туура ишке ашыруу кенже окуучулардын математикалык билимдерин, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн жогорку деңгээлде калыптандырууга шарт түзөт. Ошону менен бирге, текстүү маселелер биринчи кезекте  окуучулардын ой жүгүртүүсүн активдештирип, так логикалыкой жүгүртүүгө, фактыларды салыштырууга жана карама-каршы коюуга, натыйжада туура тыянак чыгарууга үйрөтө турганын унутпашыбыз зарыл. Ошондуктан бул багытта мугалим тарабынан математика сабагында максаттуу жана системалуу иш алып баруу абдан маанилүү.

Полный текст

    Мунапысова Г.Т., Исраилова Г.Т., Салиева Г.А.,
ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАНЫН ШАРТЫНДА СТУДЕНТТЕРДИН ПРОЕКТТИК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН УЮШТУРУУДА МУЛЬТИМЕДИА КАРАЖАТТАРЫН КОЛДОНУУ
Страницы:92-103      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/1-92-103

Макалада педагогикалык практика учурунда болочок математика мугалимдеринин изилдөөчүлүк компетенцияларын калыптандырууга багытталган проекттик ишмердүүлүгүн уюштуруунун өзгөчөлүктөрү каралды. Болочок математика мугалимдерин изилдөөчүлүк ишмердүүлүккө даярдоо – педагогикалык изилдөөлөрдүн методдорун жана технологияларын өздөштүрүүнү, педагогикалык процесстерге байкоо, анализ жүргүзүүнү, анкета, тест алууну, тажрыйба, локалдык педагогикалык эксперимент уюштурууну, эксперименттин жыйынтыктарын статистикалык талдоону, макалаларга, китептерге аннотация жана пикир жазууну, илимий-методикалык булактарды талдоону ж.б. изилдөөчүлүк компетенцияларды калыптандырууну камтыйт. Студенттердин изилдөөчүлүк компетенцияларын калыптандыруу жана өнүктүрүү педагогикалык практиканын шартында бекемделип, проекттик ишмердүүлүктү уюштуруунун эффективдүү формалары жана ыкмалары аныталышы зарыл. Өзгөчө заманбап технологиялардын, мультимедиалык каражаттардын колдонулушуна артыкчылык берилет. Анткени педагогикалык практика учурунда кесиптик чөйрө моделдештирилип, студенттер “чыныгы педагогикалык ишмердүүлүккө” чөмүлө алат.

Полный текст