Эсенгулова М. М.

    Абдуллаева У.П., Эсенгулова М.М.,
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН УКУКТУК-ЧЕНЕМДИК НЕГИЗДЕРИ, ӨНҮГҮҮ БАСКЫЧТАРЫ
Страницы:202-207      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/1-202-207

Кыргыз Республикасында көп жылдан бери бардык деңгээлде санариптештирүү маселеси курч турат. Бул өлкөнүн мезгил агымы менен кадам таштоосу жана өнүгүүдө башка мамлекеттерден артта калып калбоосу үчүн маанилүү маселе. Акыркы жылдары санариптештирүү жаатында бир катар маселелер чечилди, атап айтканда: товар айландыруу санариптик чөйрөгө өтүү, түрдүү социалдык долбоорлорду ишке киргизүү, «Түндүк» ведомостволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу экономиканын бардык тармактарын санариптештирүү. Билим берүү системасында да санариптештирүү процесси ийгиликтүү ишке ашырылууда алсак, онлайн-курстар, «акылдуу» мектеп, онлайн китепкана жана санариптик окуу куралдар (ноутбук, компьютер, онлайн-китептер,онлайн күндөлүк) кеңири таралууда.

Бул макалада санариптик билим берүүнүн укуктук-ченемдик документтер талдоого алынып, санариптештирүүнүн өнүгүү баскычтары аныкталып, ачыкталынышы сунушталууда. СОВИД-19 же пандемия мезгилинде санариптештирүү процессинин активдүү алдыга жылдырылышы, мектептик окутуу-тарбиялоо иш-чараларын өзгөртүүгө алып келди.

Макала ошондой эле ЖОЖдордогу санариптик билим берүү процессинин жүрүшү тууралуу ачыктайт.

Полный текст