Рысбек кызы Г.

    Рысбек к.Г.,
Ш.КАДЫРОВАНЫН КЫРГЫЗ ФОНЕТИКАСЫНА КИРГИЗГЕН САЛЫМЫ
Страницы:244-251      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/1-244-251

Макалада Ш.Кадырованын кыргыз фонетикасынына кошкон салымы, кыргыз фонетикасынын кыскача тарыхы, Ш.Кадырованын кыскача өмүр баяны, тектеш эмес англис жана кыргыз тилдеринин окшоштуктары жана айырмачылыктары, англис тилин өздөштүрүүдө кыргыз окуучусунун кетирген каталары каралат. Ш.Кадырованын фонетика илиминде 1988-жылы «Азыркы кыргыз адабий тилиндеги сонанттарды эксперименттик-констративдик ыкма менен изилдөө» деген темада Т. К. Ахматовдун жетекчилиги астында кандидаттык диссертациясын коргошу, 2018-ж Ж. Сыдыковдун жетекчилиги астында «Англис, кыргыз тилдеринин фонетика-фонологиялык жана фоностилистикалык системаларын эксперименттик жана констративдик изилдөө» деген темада докторлук диссертациясын жакташы абдан маанилүү болгон. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор, окумуштуу-тилчи Ш. Кадырова англис жана кыргыз тилиндеги тыбыштык системаларды изилдөө менен тил илиминде чоң, пайдалуу эмгектерин жараткан. Ш. Кадырова тарабынан англис тилиндеги түшүндүрмө эки тилдүү сөздүктөрдөн 132000 лексикалык сөз талданган. Алардын ичинен 11 331 сөз айтылыш жактан көп варианттуу. Сөздүктүн фоностилистикалык материалдары белгилүү лингвист Д.Э. Розенталдын “Радио жана теле берүү кызматкерлери үчүн басымдар сөздүгүнүн”(1984) материалдары менен салыштырылып текшерилген. Бул салыштыруунун жыйынтыгында азыркы англисче жана кыргызча сөздүктөрдө тил бирдиктеринин стилистикалык көркөмдүгүн сыпаттоодогу карама- каршылыктар аныкталып, белгиленген. Окумуштуу тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнүн жүрүшүндө стилистикалык көркөмдүктүн фонетикалык каражаттары катары сөздүн тыбыштык курамы, басымдын орду, интонациянын өзгөрүшү жана алардын коннотативдик деңгээлдери каралып, эксперименттин ар бир этаптарында студиялык шартта кыргыз окуучулары тарабынан окулган 350 сөз жана 50 текст магниттик тасмага жаздырылган. Мындан сырткары эксперименттик материалдар нагыз англисче сүйлөөчүлөр тарабынан Лондондун Сарри университетинде жана Ленинград мамлекеттик университетинде (1987, 1991) жазылган. Кыргызча- англисче фонетикалык интерференцияны иликтөө боюнча эксперимент 1992- 1996 жана 2015-жылдары И. Арабаев атындагы КМУнун чет тилдер факультетинде жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда жүргүзүлгөн.

Полный текст