Масалиева А .

    Алыкулова Г.К., Масалиева А...,
МОСКВАДАГЫ КЫРГЫЗ ИСКУССТВОСУНУН БИРИНЧИ ДЕКАДАСЫНЫН ТАРЫХНААМАСЫ
Страницы:327-335      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/1-327-335

Совет бийлигинин жылдарында Кыргызстанда улуттук профессионалдык искусство жаралып, классикалык профессионалдык чыгармачылыктын таптакыр жаны жанрлары жана формалары туулуп, калыптанды. 1939-жылы Москвада кыргыз искусствосунун биринчи декадасы болуп, анда Кыргызстандын жаш таланттарынын алгачкы жетишкендиктери москвалык көрүүчүлөргө тартууланган. Буга байланыштуу, ал ар тараптуу терең изилдөөнү талап кылган тарыхый өткөндүн жаркын барактарынын бири болуп калды. Макалада кыргыз искусствосунун Москвадагы биринчи декадасынын окуяларын камтыган адабияттарга тарыхнаамалык талдоо берилген, бул социализм доорундагы кыргыз элинин өткөнүнө объективдүү баа берүүгө мүмкүндүк берет. Проблеманын тарыхнамасы декадада басылып чыккан адабияттарды да, андан кийинки мезгилде жарык көргөн адабияттарды да камтыйт.

Полный текст