Турсунбекова Б. С.

    Турсунбекова Б.С., Талипова Г.И., Аширбекова А.Ж.,
СҮЙЛӨӨНҮН ӨНҮГҮШҮНДӨ БУЗУЛУУЛАРЫ БАР БАЛДАРДЫН СОЦИАЛДЫК АДАПТАЦИЯСЫ
Страницы:240-248      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/2-240-248

Макалада сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын социалдык адаптациясынын көйгөйлөрү каралган, анткени бул көйгөй бүгүнкү күндө актуалдуу болуп саналат. Акыркы жылдары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын көйгөйлөрүнө олуттуу көңүл бурулууда. Балдардын бул категориясы дене — бой, психикалык же сезүү органдарынын бузулушунан улам күнүмдүк жашоо-турмушунда белгилүү бир чектөөлөр менен мүнөздөлөт, аларга сүйлөөнүн оор бузулуулары кирет. Мындай балдарды реабилитациялоо жана тарбиялоо коом үчүн актуалдуу проблема гана эмес, ошондой эле мамлекеттик социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Бул ишти жаш кезинен баштап, өзгөчө көңүл балдардын социалдык адаптациялануу маселесине бурулушу керек. Сүлөөсү оор бузулган балдарды социалдаштыруу багытында педагогикалык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында ар кандай социалдык-маданий мекемелер менен тыгыз байланыш түзүү зарыл. Ошондой эле макалада сүйлөө бузулуулары бар балдардын өз сүйлөө жүрүм-турумун уюштуруудагы олуттуу кыйынчылыктары байкалган маселелер каралат, бул алардын башкалар менен баарлашуусуна терс таасирин тийгизет.

Полный текст