Койлубаева Н. К.

    Койлубаева Н.К.,
БОЛОЧОК МУГАЛИМДЕРДИ ДАЯРДООДО САНАРИПТИК МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫН КОЛДОНУУГА КАЛЫПТАНДЫРУУ
Страницы:343-350      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/2-343-350

Заманбап маалымат технологиялары бугунку күндүн алкагында коомдогу бардык тармактарда кеӊири таралган негизги аспап катары, ажырагыс бир бүтүндүктү түзүүдө. Мындан улам, маалымат технологияларын колдоно билүү, же санариптик компетентүүлүк коомдук карым-катнашта маанилүү аспект болуп, жарандык иш-алып барууда, билим берүүдө чоӊ роль ойноодо. Акыркы жылдардын ичинде өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө веб-технологияларын билим берүү системасында колдонуу – жемиштүү натыйжаларды алып келгендиктен, билим берүү процессин маалыматташтыруу күндөн-күнгө тереӊдеп жана мындан ары да веб-технологияларын колдонууга басым жасоо менен коштолмокчу. Мындай заман талаптары жана шарттар өлкөбүздөгү билим берүү системасында «санариптешүү», «маалыматташтыруу» түшүнүктөрүн киргизип, технологиялык билим алуунун оӊ жана терс жактарын изилдөөгө мажбурлайт. Бул макалада ЖОЖдордогу болочок мугалимдерди өз предметтик дисциплинасында санариптик маалымат технологияларын туура колдонуп, педагогикалык, дидактикалык жана инновациялык жол менен билим берүүгө даярдоо зарылчылыгы жана андагы мүмкүн болгон маселелер каралган. 

Полный текст

    Койлубаева Н.К.,
БОЛОЧОК МУГАЛИМДЕРДИ КЕСИПТИК ЖАКТАН КАЛЫПТАНДЫРУУДА ПЕДАГОГИКАЛЫК ЧЕБЕРЧИЛИКТИН МААНИСИ
Страницы:160-167      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-4-160-167

Макалада болочок мугалимдерди кесипкѳй адис катары калыптандыруудагы педагогикалык чеберчиликтин ѳзгѳчѳлүктѳрү, мааниси, окумуштуулардын изилдѳѳлѳрү, тыянактары жалпылаштырылып, азыркы мезгилдеги мугалимге коюлуучу талаптарга кѳңүл бурулду. Окутуу жана тарбиялоо процесстеринде педагогдун чеберчилиги жана устаттыгы эң негизги ролду ойнойт.Себеби мугалимдин эмгеги чыгармачыл иш-аракетти талап кылат, ал педагогдон практика жүзүндө педагогиканын жалпы теориялык жоболорун түшүнүүнү жана аны кырдаалга жараша колдонууну шарттайт. Ал бардык мезгилде бүткүл адамзат үчүн өз маанисин жоготпогон баалуулукту, б.а. педагогикалык иш-аракетти өзү үчүн аткаруу, мугалимдик кесибине жашоо милдети катары мамиле кылуу керектигин билүүнү аныктоого мүмкүндүк берет.Болочоктогу адистин кесипкѳй мугалим катары педагогикалык жѳндѳмдүүлүктѳрүн ѳркүндѳтүүдѳ, окутуу-тарбиялоо иш-аракетинде жаңы кѳндүмдѳрдү, педагогикалык билим-билгичтиктерди калыптандырууда педагогикалык чеберчилик түздѳн-түз таасир этет

Полный текст