Кыштообаева Ч. А.

    Кыштообаева Ч.А., Стамалиева К.А.,
«САНДЫК МЕТОДДОР» КУРСУН ОКУТУУНУН ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ
Страницы:351-357      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/2-351-357

Бул макалада «Сандык методдор» курсун окутуу технологияларын өздөштүрүү маселеси каралган. Азыркы учурда компьютердик технологиянын өнүгүшү, математикалык методдордун эсептөөлөрдө кеңири таралышы, эсептөө техникасынын санынын өсүшү жана анын сапатынын жогорулашы математиканын көптөгөн бөлүмдөрүндө электрондук эсептөөчү машинанын кеңири колдонулушуна алып келүүдө. Ошондой эле математикалык моделдердин сандык методу - бул ыкма, алгоритм, программалык камсыздоо, эсептөө эксперименти саналат. Жыйынтыгында, заманбап окутуу технологияларын колдонуу студенттердин чыгармачылыктарын көп жактуу өркүндөтүүгө, алардын предметтик компетенттүүлүгүн калыптандырууга, ошону менен бирге, өз алдынчалуулук көндүмдөрүн өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзөт. 

Полный текст

    Кыштообаева Ч.А.,
ОРТО МЕКТЕПТЕ МАТЕМАТИКА ПРЕДМЕТТИН ОКУТУУНУН ЫКТЫМАЛДЫК - СТАТИСТИКАЛЫК БАГЫТЫ
Страницы:294-300      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-294-300

Бул макалада математика предметти окутуунун ыктымалдык- статистикалык багытыкаралды.  Коом ар дайым терең изилдөөлөрдү жана жаратылыш кубулуштары жөнүндө божомолдорду жасоо менен ыктымалдуулук жөнүндө түшүнүктөрдү талап кылууда. Ал тургай, аба ырайынын топтому "эртең жамгыр жаайт 40% ыктымалдуулук менен" билдирилүүдө. Биз окуучуларды ыктымалдык кырдаалда жашоого үйрөтүшүбүз абзел. Бул маалыматты алуу, талдоо жана иштеп чыгуу, кокусунан берилген ар кандай кырдаалдарда негизделген божомолдорду кабыл алуу дегенди билдирет. Ошондуктан, математикалык билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын талаптарын аткаруу үчүн дифференцирлеп окутууну колдонуу максатка ылайык келет.        Дифференцирлеп окутуу ар бир окуучунун реалдуу окуу мүмкүнчүлүгүнүн негизинде, ар бир окуучунун жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу, алардын кызыкчылыктарына жараша окутуу болуп саналат. 

Полный текст