Алиева Ч. М.

    Абдукаимова А.Ж., Алиева Ч.М., Беделова Н.С.,
ДИФФЕРЕНЦИРЛЕП ОКУТУУ МЕТОДУН ПАЙДАЛАНУУ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ
Страницы:386-393      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/2-386-393

Макала дифференцирлеп окутуу методун пайдалануу технологияларын ачып берүүгө арналган. Педагогикалык психологияда, дидактикада, ошондой эле мектеп практикасында “жекече мамиле”, “жекелештирип окутуу”, “дифференцирлеп окутуу”, “дифференцирлөө” ж.б. кеңири пайдаланылып келет. Бул терминдер көпчүлүк учурда синоним катары пайдаланылганы менен, ошол эле учурда бул түшүнүктөрдүн ар биринин мазмунунда өзүнө гана тиешелүү маңыздуу белгилери бар. Дифференцирлөөнүн маңыздуу белгилеринин бири болуп топторго бөлүү эсептелет. Дифференцирлөө учурунда окутуу процесси өзгөрүүлөргө дуушар болот, бул негизги шарт болуп эсептелет. Бул тажрыйба педагогиканын практикасында даярдык деңгээлдери ар кандай болгон класстар түзүлгөндө тастыкталган, бул класстарда билим берүү процессинде өзгөрүүлөр жок болгондуктан оң жыйынтык болгон эмес жана балдарда билим алууга мотивация төмөн болгон. Изилдөөнүн предмети боюнча адабияттарды талдоонун негизинде макалада математика менен дифференцияланган иш-аракеттерди уюштуруунун психологиялык-педагогикалык негиздери аныкталган жана математика боюнча дифференцияланган иш-аракеттерди моделдөө процесси каралган. Бул макалада каралган көйгөйлөр дифференцияланган окутууга байланыштуу бардык маселелерди чечүүдөн алыс. Негизинен дифференцияланган окутууну уюштурган педагогдорду кызыктыра турган дифференциациянын аспектилери баса белгиленди. 

Полный текст

    Алиева Ч.М., Бакирова Ш.О., Абдукаимова А.Ж.,
МАТЕМАТИКАНЫ ДИФФЕРЕНЦИРЛЕП ОКУТУУ ТЕХНОЛОГИЯСЫ СТУДЕНТТЕРДИН АКТИВДҮҮЛҮГҮН ЖОГОРУЛАТУУЧУ ФАКТОР КАТАРЫНДА
Страницы:399-408      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/2-399-408

Берилген макала жогорку окуу жайларында математиканы дифференцирлеп окутууну ишке ашырууга арналган. Окуу-тарбия процессинде ар бир билим алуучунун жеке жөндөмдүүлүктөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен оң натыйжага жетишүүгө болот. Ал эми бардык студенттердин окуу материалдарын кабыл алуусу, билим деңгээли, таанып-билүү жөндөмү бирдей эмес болгондуктан, жамааттык форма боюнча окутууда дифференцирленген мамиле кылуу зарыл. Дифференцирленген мамиле билим алуучулар үчүн окуу материалын өздөштүрүү процессинде жана алынган билимди практикада колдонуу үчүн эң жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Билим алуучулардын жекече айырмачылыктары жана аларды дифференцирлеп окутуу маселеси көптөн бери педагогдорду жана илимпоздорду түйшөлтүп келет жана социалдыкпсихологиялык, философиялык гана эмес, ошондой эле чыныгы педагогикалык көйгөй болуп саналат. Эгерде педагог көп деңгээлдүү жана дыкат тестирлөө аркылуу билим алуучулардын билим деңгээлин жана алардын жеке өзгөчөлүктөрүн сабаттуу аныктаган учурда гана билим берүү процессин индивидуалдаштырууну камсыз кылууга болот. Иш жүзүндө жекече жана дифференцирлеп окутуу тыгыз байланышта, башкача айтканда, окутууда жекече мамиле дифференцирлөө аркылуу жүргүзүлөт. Ошентип, инсанга багытталган окутуу, аныктамасы боюнча, дифференцирленген окутуу болуп саналат. Ар бир жаңы окуу жылынын башында биринчи курстун студенттерине жүргүзүлгөн мониторинг мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээлинин төмөн болуп жаткандыгын далилдөөдө, бул факт жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого тоскоолдук кылууда. Мындай учурда дифференцирлеп окутуу технологиясын ишке ашыруу актуалдуу, себеби окутуу методикасынын туура тандалышы билим алуучулардын билим сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт. Макалада тайпадагы студенттерди топторго бөлүп, жекече мамиле аркылуу окутуу каралган.

Полный текст