Кедейбаева Д. А.

    Кедейбаева М..., Кедейбаева Д.А.,
ТЕХНИКАЛЫК КОЛЛЕДЖДЕРДЕ МАТЕМАТИКАНЫ, АНЫН ТАРЫХЫЙ ЭЛЕМЕНТТЕРИН КОЛДОНУП ОКУТУУНУН МЕТОДИКАСЫ
Страницы:429-438      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/2-429-438

Кандай гана изилдөө болбосун, анын натыйжалары изилдөөчүнүн методологиялык позициясына байланыштуу болот. Себеби педагогикалык изилдөөлөрдүн методологиялык негиздерин тандоо аркылуу илимий иштин теориялык жана практикалык багыттары аныкталып, илимий изилдөө методдорду тандалып, натыйжаларга жетүү жолдору белгиленет. ―Метод‖, ―методология‖ дегендерге аныктама берилет. ―Методология – илим изилдөө методдорунун жыйындысы‖ деген ойду берет. ―Метод – бул методиканын белгилүү бир классын жалпылоо деген сыяктуу түшүндүрмөлөр берилди. Бул макалада техникалык колледждин студенттерине математика предметин өтүүдө, анын тарыхый элементтерин колдонуп окутуунун методикасы каралды. Колледждин студенттерине математиканы окутууда тарыхый мазмундагы маселелер, математиканын ар бир темасын тарыхы менен берүү маанилүү орунду ээлейт. Колледждин студенттерине математиканы тарыхын колдонуп окутууда, тарыхый мазмундагы маселелелерди чечүүдө алар учурдагы материалды өздөштүрүү менен чектелбестен, алардын көз карашын кеңейтет. Макалада сабак өтүүнүн бир канча методдору жөнүндө да айтылат (―Торнадо‖ ―Оюн‖ ). Сабак өтүүнүн предметке болгон кызыгуу, аң-сезим, мажбурлоо сыяктуу мотивдери да көрсөтүлүп кетти. Математиканын бир темасын өтүүдө, анын тарыхый элементтерин колдонуунун методикасы каралды. Мында ошол теманын тарыхы, практикада колдонулушу жана мисалдар менен берилди. 

Полный текст