Ажиматова Э Ж

    Торогельдиева К.М., Ажиматова Э.Ж., Касымбекова Н.Э.,
БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА МАТЕМАТИКА МУГАЛИМИН ДАЯРДОО
Страницы:476-486      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/2-476-486

Бул макалада математика менен билимди айкалыштыруу ыкмасы баяндалат «Жогорку математикага» мүнөздүү тарбиялык-психологиялык аспектилерди өнүктүрүүгө негизделген мугалимдерди даярдоонун компоненттери. Бул концепцияга алып келет башталгыч математиканын формалдуу эмес, проблемалык жана процесске багытталган презентациялары. Өлкөбүздө билим берүүнү модернизациялоонун негизги багыттарынын бири коомдун талабына ылайык чыгармачыл, өнүккөн көз карашы бар билимдүү жана муундарды тарбиялоо. Андыктан, кесиптик жактан алдыңкы деңгээлдеги мугалимдерди даярдап чыгаруу учурдагы билим берүү системасынын эң негизги максаттарынан болуп саналат. Жогорку окуу жайларында кесиптик даярдоодо студент математиктер өзүнүн педагогикалык ишмердүүлүгүндө маалыматтык технологияны колдонуу боюнча билим, билгичтиктерге жана көндүмдөргө ээ болушу зарыл. Студенттер математиканы окуу процессинде маалыматтык компетенттүүлүккө ээ болуусу зарыл. Компетенттүүлүк бул билим алуучулардын билимдерин, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн өз алдынча колдонууга болгон интегративдик жөндөмдүүлүгү. Маалыматтык компетенттүү математика мугалими – сабакты эффективдүү жүргүзүү үчүн билими жана иш тажрыйбасы бар, өз кесибинде маалыматтык технологияларды колдоно алган мугалим. Маселелерди чыгарууда колдонуу маалыматтык компетенттүүлүк эң чоң мааниге ээ. Себеби маселелерди чыгаруу менен мектеп курсундагы математиканы кайталоо менен бирге эле керектүү билим базасын бекемдөөгө болот. Мисалы, айыл жеринде окуучулар ата-энесине жардам берип өндүргөн продукциясын сатууга катышышат. Телевизордон буюмдун n процентке арзандаганын көрүп-билип жүрүшөт. Мына ошонун өзү эле процент, бир белгисиздүү сызыктуу теңдемелер, эки белгисиздүү биринчи даражадагы теңдемелр системасы менен чыгарылуучу маселелерди түзүүгө алып келет. Ошондуктан математика мугалими болуучу студенттерге ушул багыттагы маселерди чыгартуу бир топ натыйжалуу болот. Студенттер аз убакытта көп маселелерди чыгарууга жетишүүсү үчүн маселенин берилишин жана анын чыгарылыш алгоритминин текст түрүндөгү жазылышын тексттик редактордо даярдап сабакта колдонуусу керек. Сабакта колдонулуучу бул окуу материал ар бир студентте болушу үчүн окутуучу компьютердик байланышты колдоно билүүсү зарыл. Окутуучу студенттерди окутууда офистик программаларды жана прикладдык программаларды пайдаланса алардын маалыматтык компетенттүүлүгү өнүгөөрү көп жылдык тажрыйба көрсөтүү менен аяктайт.

Полный текст