Адылбекова А А

    Иманкулова С.Э., Адылбекова А.А.,
КӨРКӨМ ӨНӨР САБАГЫ ‒ ӨСПҮРҮМ КУРАКТАГЫ МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН КӨРКӨМ-ЭСТЕТИКАЛЫК ТАБИТИН КАЛЫПТАНДЫРУУ КАРАЖАТЫ
Страницы:491-499      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/2-491-499

Бул макалада көркөм өнөр сабагында өспүрүм курактагы мектеп окуучуларынын көркөм-эстетикалык табитин калыптандыруу маселеси каралат. Азыркы учурда жаш муундарды эстетикалык жактан тарбиялоо бирден-бир негизги милдетердин бири болуп жатат. Калыптанган эстетикалык табит инсанга эстетикалык тарбия берүү процессинин натыйжасы болуп саналат. Эстетика илими эстетикалык табитти инсандын көркөм маданиятынын негизги мүнөздөмөлөрүнүн бири катары карайт, аны коомдун эстетикалык маданиятынын өнүгүү деңгээли менен байланыштырат. Бул мааниде эстетикалык табиттин мазмундук негизин искусство түзөт, ал жеке адамды эстетикалык тарбиялоонун каражаты катары да каралат. Эстетикалык жактан тарбияланган, табити жогору өнүккөн окуучунун дүйнөгө болгон көз карашы туура калыптанып, окууга, тарбияга болгон мамилеси да өзгөрөт. Көркөм-эстетикалык табитти калыптандырууда көркөм өнөр сабагынын мааниси абдан чоң. Макалада предметтик стандартка басым жасалып, коюлган максат, милдеттер талданат. Мугалимге сабак өтүүдө бир нече сунуштар берилет. Негизги сөздөр: Эстетикалык тарбия, көркөм-эстетикалык табит, көркөм өнөр сабагы, өспүрүм курак, мугалим, окуучу, чыгармачылык, искусство, ишмердүүлүк, калыптандыруу.

Полный текст