Ишенбаева М А

    Ишенбаева М.А., Бейшеналиева С.Т., Омурзакова Н.Т.,
ГИПЕРТЕРМИЯНЫН МАЙДЫК ЗАТ АЛМАШУУГА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ
Страницы:29-35      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-29-35

Бул макалада эксперименталдык шартта козголгон гипертермиянын лаборатордук жаныбарлардын организминдеги майдык зат алмашууга тийгизген таасири изилденди.Иштин максаты кыска убакыттагы гипертермиянын таасиринин алгачкы сааттарында эксперименталдык жаныбарлардын кан тундурмасынан майдык зат алмашуунун көрсөткүчтөрүн изилдөө болду. Изилдөө объектиси лаборатордук ак чычкандар. Тажрыйбалык топтогу ак чычкандардын организминде кыска убакытка гипертермия козголду.

Эксперименталдык ак чычкандардын организминде гипертермияны козгоп алып, андан кийин 5 саат аралыгында ак чычкандардын венасынан кан алынып биохимиялык изилдөөлөр жүргүзүлдү. Жогорку температуранын организмге, анын ичинде липиддик зат алмашууга тийгизген таасирин аныктоо максатында ак чычкандардын кан тундурмасынан липиддик зат алмашуунун көрсөткүчтөрүнүн концентрациясы аныкталды. Кан тундурмасынан липиддик спектрди аныктоо үчүн биохимиялык методдор колдонулду. Кыска убакыттагы гипертермиянын таасиринде лаборатордук ак чычкандардын кан тундурмасындагы жалпы холестериндин (ЖХ), триглицериддердин (ТГ), фосфолипиддердин (ФЛ) концентрациясы төмөндөгөндүгү аныкталды. Гипертермия таасиринде ак чычкандардын кан тундурмасында жогорку тыгыздыктагы липопротеиндердин кармалуусу төмөндөгөндүгү, ал эми төмөнкү тыгыздыктагы липопротеиндердин деңгээли маанилүү өзгөрбөгөндүгү тастыкталды.  Кыска убакыттагы гипертермияда ак чычкандардын кан тундурмасындагы ЖХ концентрациясы 52,3%, ТГ деңгээли 63,3%, ФЛ деңгээли 82,0% чейин төмөндөгөнү аныкталды. Кан тундурмасындагы бул көрсөткүчтөрдүн деңгээлинин төмөндөшү, ошол организм үчүн спецификалуу болгон ТГ биосинтезинин басаңдоосун дагы бир жолу тастыктоодо. Ак чычкандардын кан тундурмасында гипертермиядан кийин ЖТЛП деңгээли - 86,7% чейин төмөндөсө, кан тундурмасындагы ТТЛП концентрациясы дээрлик өзгөргөн эмес, гипертермияда  95,4% түздү. Тажрыйбалык топтогу жаныбарлардын кан тундурмасындагы ЖТЛП төмөндөшү организмдин майдык заттарга болгон талабынын басаңдоосу менен түшүндүрүлөт. Демек, гипертермия организмде жалпы физиологиялык жана биохимиялык процесстерди, анын ичинде майдык зат алмашууну басаңдатат деген жыйынтыкка келдик. Лаборатордук ак чычкандардын организминде гипертермиядан кийин дислипидемиянын өнүккөндүгүн, алардын кан тундурмасындагы триглицериддердин жана холестериндин концентрациясынын төмөндөгөндүгү тастыктады.

Полный текст