Жыргалбаева М .

    Кармышова У.Ж., Нурманбетова А.Т., Жыргалбаева М...,
БОЕК АЛЫНУУЧУ ӨСҮМДҮКТӨР ЖАНА БОЕК АЛУУНУН ЭЛДИК ЫКМАЛАРЫ
Страницы:35-44      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-35-44

Макалада боек алынуучу өсүмдүктөрдүн, боек топтоочу бөлүктөрү  берилип, аны алууну элдик ыкмалары келтирилди. Кыргыз эли өзүнүн узун тарыхында, жашаган айлана-чөйрөсүнө өтө аярдык менен мамиле жасап, кылдат байкоо жүргүзүп жана жаратылыштын кубулуштарын изилдеп-үйрөнүп, өзгөчө бай, көп кырдуу салттуу билим топтоп жана күнүмдүк жашоосунда колдонуп келген. Буюмдарды түрдүү түскө боедо, боегуч заттарды өсүмдүктөрдөн жана башка булактардан алуу ыкмаларын өздөштүрүшкөн. Элдик кол өнөрчүлүктө түстөр жалпы жолунан негизги жана кошумча түстөр болуп экиге бөлүнөт. Негизги түстөр: ак, сары, кызыл, жашыл, көк, кара, сыя;

Кошумча түстѳр: негизги алты түстүн бири менен экинчисинин (же үчүнчүсүнүн)  жуурулушкан кошундусунан пайда болот, алардын саны абдан арбын. Кыргызстанда таралган 4500 түр өсүмдүктүн 80 ге жакыны боек алынуучу өсүмдүктөр болуп саналат, андан элдик кол өнөрчүлүктө 30 жакын түрү кеңири колдонулат.

Полный текст