Бабаева А Д

    Бабаев М.Д., Бабаева А.Д.,
ЭКОЛОГИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ - УКУК МАДАНИЯТТЫНЫН ЭЛЕМЕНТТЕРИНИН БИРИ КАТАРЫ
Страницы:155-160      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-155-160

Илимий макалада студенттердин укуктук маданиятынын курамынын бири катары экологиялык билимдерди калыптандыруу каралат. Экологиялык билимдерди калыптандыруу маселелери  жаңыланууда. Авторлор экологиялык жана укуктук маданиятты калыптандыруу билим берүүнүн жана тарбиялоонун бардык баскычтарында болушу керек деген тыянакка келет. Ушунун негизинде билимдин, жөндөмдүн, ыкмаларынын мазмунун тереңдетүүгө, айлана чөйрөнү коргоого, аны сүйүүгө жана кең байлыктарын арттырууга жигердүүлүк менен катышууга көңүл бурууну күчөтүү жөнүндө кеп болот.  Студенттерге билим берүүнүн методдору, формалары жана каражаттары көрсөтүлүп, экологиялык маданият, экологиялык билим берүүнүн максаты, экологиялык тарбиянын милдеттери жазылган.  Окутуучу  өзүнүн үлгүсүндө  учурда өспүрүмдөрдү  табигый чөйрөдө маданияттуу жүрүм-турумдарга үйрөтүүсү зарылдыгы белгиленген. Экологиялык билим берүүнүн  жана укуктук маданиятты калыптандыруунун эң эффективдүү технологиялары жөнүндө корутунду чыгарылган. 

Полный текст