Койчуманова С К

    Жакышова Б.Ш., Молдошев А.М., Койчуманова С.К.,
ХИМИЯНЫ ОКУТУУДА САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУ
Страницы:185-192      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-185-192

Бул макалада химияны окутуу практикасында колдонулган санариптик билим берүү ресурстары каралды. Санариптик билим берүү ресурстарын ишке ашыруу формалары, санариптик билим берүү ресурстарын пайдалануунун педагогикалык натыйжасы жана алардын «Химия» предмети боюнча окутуунун натыйжалуулугуна тийгизген таасири жөнүндө сөз болду.Уулуу, жарылуучу жана күйүүчү заттар боюнча  химиялык эксперимент жүргүзүүгө мүмкүн болгон виртуалдык лабораториянын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуунун өзгөчө маанилүү экендиги белгиленди.

Мындан тышкары “санариптештирүү” термининин мааниси аныкталды, коомдун өнүгүшү үчүн маанилүү санариптик технологиялардын тизмеси эске алынды, заманбап адистин негизги санариптик компетенциялар аныкталды жана системалаштырылды (санариптик технологиялар менен иштөө көндүмдөрү). Технологияларды ишке ашыруудагы ар түрдүү жана эффективдүү онлайн баарлашуу жөндөмү, аналитикалык, критикалык жана ийкемдүү көндүмдөр ж.б.

Санариптик билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу милдети жаңыланып, санариптик билим берүү контентин иштеп чыгуу технологиялары, психологиялык-педагогикалык талаптарды эске алуу менен анын сапатын баалоо ыкмалары сыяктуу учурдагы педагогикалык изилдөөлөрдүн жолдору белгиленген.

Полный текст