Карасартова Н. А.

    Карасартова Н.А., Дуйшонбаева Д..., Уметалиев С.З.,
ЭЛЕКТР ЖАНА МАГНЕТИЗМ БѲЛҮМҮН ОКУТУУДА ПРЕДМЕТ АРАЛЫК БАЙЛАШТЫ ИШКЕ АШЫРУУ (БИОЛОГИЯ МЕНЕН ФИЗИКАНЫН МИСАЛЫНДА)
Страницы:234-240      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-234-240

Илимий макалада орто мектепте физика сабагында «Электр жана магнетизм» бѳлүмүндѳ предмет аралык байланышты ишке ашыруунун жолдору келтирилген. Азыркы жаңы стандарттын негизинде предметтерди интеграциялоо актуалдуу маселелердин бири болуп саналат. Окуу процессинде б.а. физика предметин башка илимдер менен байланыштырып сабак ѳтүү-окуучулардын логикасын ѳстүрүүгѳ, предметтик компетентүүлүктѳрүн жогорулатууга шарт түзѳт.

Полный текст

    Карасартова Н.А., Сапарбаева У.Ч.,
ПЕДАГОГИКАЛЫК ЖОЖДОРДО ФИЗИКА КУРСУНУН ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕРГЕ БАГЫТТАЛЫП ОКУТУЛУШУ
Страницы:240-247      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-240-247

бул илимий макалада жалпы физика курсун табигый илимий багытындагы  студенттерди окутуунун кесипке багытталган маселелери каралган. Физиканын закон, теорияларынын биологиялык процесстерде колдонулуучу айрым кубулуштары келтирилген.  Салттуу окуу материалдардан айырмаланып,  биологиялык мазмундагы лекция, физикалык маселе, көнүгүүлөр сунушталган. Мындай кесипке багытталган окуу материалдарынын студенттерге жеткиликтүү жана кызыктуу болоору илимий макалада мисалдар менен чагылдырылган. Физика дисциплинасынын “Механика” бөлүмүндөгү “Жөнөкөй механизмдер” аттуу теманы өткөндө жандуу жаратылыштагы рычагдар менен байланыштырып окутуунун методикасына айрыкча көңүл бурулат. Мисалы жаныбарлардын, адамдардын скелетинде жана кай бир өсүмдүктөрдүн чаңдашышында байкалуучу рычаг сымал кыймылдын түрлөрүнө көбүрөөк токтолууга туура келет. Өтүлгөн темаларды тиешелүү көнүгүүлөр, тесттик суроолор менен бышыктай турган болсок студенттердин билими гана эмес, билгичтик жана практикалык көндүмдөрү да ишке ашаары шек жаратпайт.

Полный текст

    Карасартова Н.А., Молдалиева А.А.,
ПЕДАГОГИКАЛЫК ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДА ТАБИГЫЙ ИЛИМИЙ БАГЫТТАГЫ СТУДЕНТТЕРДИН ФИЗИКА ДИСЦИПЛИНАСЫНА КЫЗЫГУУЛАРЫН ЖОГОРУЛАТУУ
Страницы:132-139      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/2-132-139

илимий макалада жалпы физика дисциплинасын  табигый илимий багыттагы  студенттерге кесипке багыттап окутуунун маселелери каралган. Азыркы мезгилде кесипке багыттап окутуу, мектепте предметтерди интеграциялап окутууга да мамлекет тарабынан көңүл бурулууда. STEM – багытына ылайык табигый илимдерди интегралдаштыруу маселеси бүгүнкү билим берүүдө актуалдуу маселелердин бири. Жогорку окуу жайларда мугалимдерди даярдоо процессин кесипке багыттап уюштуруу үчүн тектеш дисциплиналардын объективдүү байланыштарын эске алуу өзгөчө маанилүү. Биология, химия илимин изилдөөдө, физиканын методдору, физикалык билим, билгичтиктер кеӊири пайдаланылат.Ошондуктан, жогорку окуу жайларында жалпы физика курсун  адистикке багыттап окутууда физиканын илимий-теориялык негиздери, изилдөө методдору, колдонуу технологиялары боюнча маалыматтарды берүү зарыл. Макалада биологиялык, химиялык  процесстерде колдонулуучу айрым кубулуштардан мисал келтирилген. Салтуу окуу материалдардан айырмаланып,  биологиялык, химиялык  мазмундагы лекция, физикалык маселе, көнүгүүлөр сунушталган.

Полный текст