Сапарбаева У. Ч.

    Карасартова Н.А., Сапарбаева У.Ч.,
ПЕДАГОГИКАЛЫК ЖОЖДОРДО ФИЗИКА КУРСУНУН ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕРГЕ БАГЫТТАЛЫП ОКУТУЛУШУ
Страницы:240-247      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-240-247

бул илимий макалада жалпы физика курсун табигый илимий багытындагы  студенттерди окутуунун кесипке багытталган маселелери каралган. Физиканын закон, теорияларынын биологиялык процесстерде колдонулуучу айрым кубулуштары келтирилген.  Салттуу окуу материалдардан айырмаланып,  биологиялык мазмундагы лекция, физикалык маселе, көнүгүүлөр сунушталган. Мындай кесипке багытталган окуу материалдарынын студенттерге жеткиликтүү жана кызыктуу болоору илимий макалада мисалдар менен чагылдырылган. Физика дисциплинасынын “Механика” бөлүмүндөгү “Жөнөкөй механизмдер” аттуу теманы өткөндө жандуу жаратылыштагы рычагдар менен байланыштырып окутуунун методикасына айрыкча көңүл бурулат. Мисалы жаныбарлардын, адамдардын скелетинде жана кай бир өсүмдүктөрдүн чаңдашышында байкалуучу рычаг сымал кыймылдын түрлөрүнө көбүрөөк токтолууга туура келет. Өтүлгөн темаларды тиешелүү көнүгүүлөр, тесттик суроолор менен бышыктай турган болсок студенттердин билими гана эмес, билгичтик жана практикалык көндүмдөрү да ишке ашаары шек жаратпайт.

Полный текст

    Сапарбаева У.Ч., Абасканова Н.М.,
МЕДИЦИНАЛЫК ЛИЦЕЙДЕ БИОЛОГИЯ САБАКТАРЫНЫН СТАНДАРТТЫК ЭМЕС ФОРМАЛАРЫН ӨТКӨРҮҮНҮН ЫКМАЛАРЫ
Страницы:344-353      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-344-353

Сабактын кайсы тиби болбосун ал конкреттүү дидактикалык милдеттерди чечүүгө мүмкүндүк берет. Заманбап сабактын мүнөздүү өзгөчөлүгү – окуучулардын активдүү (өз алдынча), окуу иш-аракетин уюштуруу, заманбап көрсөтмөлүүлүктү колдонуу, окуучуларга изденүүгө мүмкүндүк берүү, аларга изилдөөчүлүк чөйрөнү түзүп берүү. Мына ушул максаттарга жетүүдө мугалимдер стандарттык эмес сабактын түрдүү формаларын пайдаланып сабак өтүүгө тынымсыз аракет кылышууда.

            Бул макалада медициналык лицейде биология сабактарын окутуунун стандарттык эмес формаларын пайдалануунун ыкмалары каралды. Медициналык лицейдин окуу программасына адам жана анын ден-соолугуна түздөн-түз байланышкан темалар киргизилген. Ал темаларды өтүүдө күнүмдүк турмушта кездешүүчү көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган стандарттык эмес формадагы сабактарды өткөрүүнүн айрым элементтери сунушталды. Мында окуучулардын иш-аракеттерин уюштуруу түрдүү форматта жүргүзүлөт: фронталдык, топтук, кичи топтук, жуптук жана жекече. Кайтарым байланышта окуучулардын маалымат издөө, интерпретациялоо, чыгармачылыгы, тапкычтыгы, коюлган максатка жетүүдөгү билгичтиктери жана көндүмдөрү, акыл менен ой жүгүртүүнүн айкалышы, сүйлөө таланты жана жанындагылар менен мамилеси эске алынат.

Полный текст

    Сапарбаева У.Ч., Акжолтоева Р..., Эргешалиева Б.Н.,
СТУДЕНТТИК ГРУППАНЫН КУРАТОРУНУН ЖОЖДУН ТАРБИЯ ИШТЕРИНДЕГИ РОЛУ
Страницы:354-363      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-354-363

Бул макалада И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттик группасына кураторлук кылуудагы өздүк тажрыйбалар, студенттер менен ар түрдүү багыттагы тыгыз байланыштар жана куратор аткарган кызматтын түрлөрү, анын практикадагы эффективдүүлүгү чагылдырылган.  Замандын талабына ылайык жогорку окуу жайларында куратордун иштериндеги инновациялык иш-аракеттерди жаңы көз карашта алып баруу, куратордун функциясынын түрлөрү, анын укуктары жана милдеттери, аткарган иштери боюнча жазылган отчеттор берилген. Ошондой эле студенттердин акыл-ой жүгүртүүсү, түшүнүгү, өзүн алып жүрүүсү, окуудагы жетишкендиктери жана коомдогу жүрүм-турум, этикеттер боюнча алынган анкеталардын мисалдары көрсөтүлгөн. Студенттердин кесиптик компетенттүүлүктөрүн, жогорку окуу жайдын көп функционалдуу тарбиялоо чөйрөсүндө тарбия жана билим берүү системасынын компоненттеринин өз ара карым-катнашын жакшыртуу маселелери каралган.

Полный текст